Коом
Бир суткада 14 медициналык кызматкерге илдет жукту
Элита плюс
Август 20, 2020 г.
Бир суткада 14 медициналык кызматкерге илдет жукту
© Элита плюс

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.

Алар:
• Бишкек ш. – 3
• Чүй облусунда – 1
• Ош ш. – 1
• Баткен облусунда – 6
• Жалал-Абад облусунда  3 учур катталды.

Ал эми бир суткада 2 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 7 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында  3059 учур катталды, алардын ичинен 2372 медкызматкер айыгып чыкты.

Өлкө боюнча коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 42 миң 507 адамды түздү. Анын 35 миң 486сы айыккан.