Коом
Бир суткада 14 дарыгер илдет жуктуруп алды
Элита плюс
Август 12, 2020 г.
Бир суткада 14 дарыгер илдет жуктуруп алды
© Элита плюс

Акыркы бир сутка ичинде 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын айтымында, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Ош облусунда 3, Баткен облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 2 жана Ысык-Көл облусунда 2 медик ооруну жуктуруп алган.

Акыркы бир суткада 7 медициналык кызматкер айыкты. Мындан сырткары, үй карантининде дарыланып жаткан 23 медициналык кызматкер сакайды.

COVID-19 жалпы 2981 медкызматкерге жуккан, аны 2242си айыкты.

Кыргызстанда 12-августка карата коронавирус жуктургандардын саны 40 миң 759га жетти. Илдеттен 33 миң 27 жаран айыгып, 1484тү бейтап каза болду.