Коом
Бир сутка ичинде 215 коронавирус илдети аныкталды
Элита плюс
Октябрь 02, 2020 г.
Бир сутка ичинде 215 коронавирус илдети аныкталды
© Элита плюс

Бүгүн, 2-октябрга карата Кыргызстанда дагы 215 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 17, Ош шаарынан – 19, Чүй облусунан – 23, Ош облусунан – 41, Талас облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 10, Жалал-Абад облусунан – 40, Баткен облусунан – 63, Нарын облусунан – 1 катталган.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 46 миң 841ге жетти.