Коом
Бир сутка ичинде 127 бейтап ооруканадан айыгып чыкты
Элита плюс
Октябрь 19, 2020 г.
Бир сутка ичинде 127 бейтап ооруканадан айыгып чыкты
© Элита плюс

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 127ни түздү. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек – 40, Ош шаары – 10, Чүй облусу – 6, Ош облусу – 41, Нарын облусу – 2, Талас облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 1, Жалал-Абад облусу – 14, Баткен облусу – 11. 

Жалпы Кыргызстан боюнча 45 миң 863 бейтап коронавирус илдетинен айыгып чыкты.