Медицина
Бир күндө коронавирустан 3 бейтап көз жумду
Элита плюс
Февраль 19, 2022 г.
Бир күндө коронавирустан 3 бейтап көз жумду
© Элита плюс

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 3 бейтап каза болду. Мындай маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, каза болгондордун экөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көлдө катталды.

Муну менен пандемия башталгандан бери каза болгон Кыргыз жарандарынын жалпы саны 2942ге жетти.