Коом
Бир күн аралыгында 312 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, ооруканадан чыкты
Элита плюс
Август 19, 2020 г.
Бир күн аралыгында 312 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, ооруканадан чыкты
© Элита плюс

Кыргызстан боюнча бир күн аралыгында 312 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, ооруканадан чыкты. Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын билдиргенине караганда, борбор калаадан 102, Ош шаарынан 18, Чүй облусунан 41, Ош жергесинен 27, Талас облусунан 2, Нарын аймагынан 13, Ысык-Көл облусунан 50, Жалал-Абаддан 40, Баткен облусунан 19 бейтап коронавирустан сакайып чыкты. Өлкө боюнча жугуштуу оорудан сакайгандардын жалпы саны 35 миң 197ге жетти. Ал эми ооруканаларда 4 миң 298 адам, үй шартында 4 мин 298 адам дарыланып жатат.