Маданият
Бейшенбек БЕКЕШОВ, журналист: “Белгисиз инсан журналисттик бактымды ачкан”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Кыргыз журналистикасында белгилүү, беделдүү орду бар, маңыздуу жана маанилүү кѳрсѳтүүлѳрдүн автору, калкыбыздын жаш-карысына таанымал журналист Бейшенбек Бекешов бүгүн бизде мейманда. Агайдын башкалардыкына окшобогон кѳз караш, жан дүйнѳсүнүн жүзүн чакан баракка сыйдыра албасак да басып ѳткѳн жолун башкаларга сабак болгудай баяндап жазууга аракет кылдык. “Жалкоо бала”
- Бардык нерседе Кудайдын буйругу бар эмеспи. Мектепте окуп жүргѳн кезимде эле чиймелеп калчумун. Чоң энем атын гана жазганды билчү. Кара жумуш жасаганга жалкоо элем. Чоң энемдин тамга тааныбаган, мектептин окуу китептеринен башка кѳркѳм адабий китептерди ажыратып тааный албаганын пайдаланып тапшырма аткарымыш болуп китеп окуп жата берчүмүн. Анымды аңдабаган чоң энем мени сабагын окуп алсын деп башкаларга да жумшатпай койчу. Ошентип окуп жүрүп айылдын чакан китепканасында мен окубаган китеп калган эмес. Окуганымдын пайдасы ушул го, 6-7-класстардан баштап жазгандарымды гезиттерге жѳнѳтѳ баштадым. Ал кезде гезиттин кадыр-баркы укмуш эле. Журналисттик кесип да абдан кадырлуу, таасирдүү боло турган. “Уурунун жолу кууш” деп атап чиймелегеним “Ысык-Кѳл правдасы” деген бакыйган гезитке аңгеме болуп чыгып калды. 7-класстын баласы эмнени кыйратып жазды дейсиз. Аракет кылып жазганымды “айылдык кабарчылар менен иштѳѳ” деген штабда аймактардан келген каттар менен иштеген адабий кызматчы абдан оңдоп-түзѳп, анан аңгеме кылып бастырып жатпайбы. Гезит чыккан соң атым айтылып, уу-дуу кеп болуп эле жатып калдым. Жетине албай андан бетер жазып биротоло кызыгып кеттим. Арты-артынан жазып, аларым гезит беттерине басылып отуруп бир чоң папка толтура материал болуп калды. Жогорку окуу жайга тапшырганда чыгармачыл сынак бѳлүмүнѳ баягы папканы тапшырып өтүп кеттим. Ошентип, менин журналисттик бактымды мага белгисиз болуп калган бир журналист ачкан.
“Ийгиликтер үчүн кѳшѳргѳн инсан” - Мыкты студент болдум. Ал кезде идиректүү, жакшы жыйынтык кѳрсѳткѳн студенттерди 3-курстан Москвага жиберишип, ошол жактан аяктап келишчү. Ушул артыкчылыкка илиндим. Бирок талапка ылайык, 3-курсту бүткѳнүмѳ карабай ал жактан кайра 3-курска отурушум керек эле. Курсташтарымдан бир жыл артта калгым келбей 4-курска отуруу үчүн деканаттын эшигин тыта баштадым. Тынымсыз кире берип, акыры макул кылып 4-курска отурдум. Бирок алар мага “4-курста окуп жатып 3-курстун айырмасын тапшырасың” деген талап коюшту. Жалпы 16 сынак эле. Бир жылда эки курстун тең талаптарын аткаруума туура келди, оңой болгон жок. Москвадан окууну аяктап келгенден кийинки чоң максатым партияга ѳтүү болду. Партиянын катарында болуунун кадыр-баркы аябай чоң эле. Бирок ага илим-билимдүү, интеллигент адамдар кабыл алынышчу эмес. Анын үстүнѳ ошол кезде мага гезиттерден жумуш да чыкпай койду. Кыргызстандын эң кадырлуу деген гезитине барсам редактору кѳлдүк экен. Ал жердештерин жанына жакын жуутпаган адам экен. Менин оолак болушумду айтты. Анан партияга алынуу үчүн жүн иштеткен заводго ишке кирип, таңгактоочу бѳлүмдѳ кара жумушчу болуп алдым. Ал жактын саясаты андан укмуш экен. Кыргыздын карапайым уул-кыздарын кара жумушта иштетип, алар ишкананын ичиндеги айрым сырларды билип баш кѳтѳрѳ баштаган кезде эле айдап жолго салышат. Мен эң узак иштеген жумушчу болуп эки жыл кармалып турдум. Эки жыл ичинде жумушчулардын айлыгын кѳтѳртүп, акысын жедирбѳѳгѳ аракет кыла коюп “улутчул” аталдым. Ушул жерден партияга ѳтѳм деген кыялыма кѳлѳкѳ түшүп жетекчилик мени жектеп калды. Катарынан жамандашып партияга ѳткѳрбѳй салышты. Ѳздѳрүнѳ жараша иш кылып аларды милицияга берип салдым. Себеби алардын заводдон жүн, жиптерди сол чѳнтѳккѳ шолоп жүрүшкѳнүн жакшы билет элем. Милиция суракка алып айлаларын кетире баштаганда баягылар “эптеп бул ишти токтот. Сени бир ай ичинде партияга ѳткѳрѳлү” деп жалдырап келишти. Мен да кѳшѳрүп “эки күн ичинде ѳткѳргүлѳ” деген талап койдум. Баягы мени жамандагандар эми жерге-сууга тийгизбей мактап, бул окуянын күбѳлѳрүнѳ күлкү болуп мени партияга сунушташты. Бирок мен жогору жактан чечим чыгып келгенче эле арызымды жазып иштен кетип калдым. Себеби жетекчилик мага аябай кастарын тигип калган. Ал эми заводдун ичиндеги техникаларды пайдалануу менен адам ѳмүрүн тымызын тынчытып коюу толук мүмкүн эле. “Коомду сүйлѳткѳн “Коломто – рух ордосу”
- КТРде жалпы 20 жылдай иштедим. Бир далай материалдарды жасадым. Бирок эч бири оңойчулук менен болгон жок. Күйүп-бышып, жаныңды сабап, убактыңды арнап 3 кѳрсѳтүү жасасаң, жок дегенде бирѳѳ эфирден алынып салынат. Бул, албетте, эмгегин жумшаган адамга кыйын. Кандай күйүп-бышканыңды жетекчилик деле, эл деле билбейт. Антип жүрѳ берсең кан басымың кѳтѳрүлүп, ден соолуктан айрылып калчудайсың. Анан акылды ишке салып үй-бүлѳ тууралуу долбоор даярдадым. “Коломто – рух ордосу” деген берүүнү иштеп чыгып, бул аркылуу жалпы элдин тилин таптык. Орустар мээбизге сиңирип салган “кыргыз деген макоо, акылы жок. Сүйлѳй албайт” деген ойду тѳгүнгѳ чыгарып баарын сүйлѳттүк. “Коломто – рух ордосун” кѳрбѳгѳн киши калган жок да, бул берүүдѳ кары дебей, жаш дебей, аял-эркек дебей, бала дебей сүйлѳбѳгѳн адам калган эмес. Элге жаңы дем, бизге популярдуулукту алып келди. КТРКнын ичинде мындан башка да бир топ эмгек кылдым. Революциядан кийин имаратты коргоп, эч нерсесине кол тийгизбей алып калдык. Жетекчилик кылып, ага катар кѳрсѳтүүлѳрүмдү да таштап салбай иштедим. Кийин ЭлТР телеканалында да жетекчилик иштерге катар нарктуу кѳрсѳтүүлѳрдү чыгардым. “Кыргыз наркы” кѳрсѳтүүбүз кийин китеп болуп басылып чыкты. “Айылды эңсеткен “Айыл азыгы” дүкѳнү”
- Мен колунан кѳѳрү тѳгүлгѳн устанын уулумун. Атам ѳмүр бою устачылык кылып ээр чапкан. Мергенчилик кылып териси баалуу жаныбарларды атып келип, алардын терисин орус кесиптештерин туурап иштетип, апама тумак тиккенди үйрѳткѳн. Ал заманда жеке кызыкчылык үчүн иш кылууга болбойт эле. Он баласынын сегиз-тогузун борборго окууга жиберип жатып орустарга басылып калган Бишкекти кыргыздарга толтурган ушу менин ата-энемдин муунундагы ата-энелер эмеспи. Ата-энем он баласын билимдүү кылабыз деп ортоңку үйгѳ бекинип алып тумак тигишип, тиричилик кылышты. Апам ыраматылык жаны тынбай тытынып оокат кылган жан эле. Атам оорунун айынан бир бутун жоон санынан кестирген. Балдагы менен кенгурудай болуп секирип гектарлаган жерлерди иштетип, ага катар ээр чаап жаны тынчу эмес. Атамдын бир ээри бир жылкыга бааланчу. Он эки айда он эки жылкы табуу деген эмне шумдук. Атам чапкан ээр Түркиянын президентине мамлекетибиздин атынан белек болуп берилген. Атамдын устачылыгы балдарынын баарында бар. Мен бул ѳнѳрүмдүн арты менен “Айыл азыгы” дүкѳнүн баштан-аяк ѳз колум менен куруп, жыгач-ташынын баарын ѳзүм жасалгаладым. Дүкѳнүбүздѳ ар бир азык экологиялык жактан таза, колдо жасалган жана адал. Айтмакчы, дүкѳндү ишке киргизерде бир тыйын да насыя албай, арам аралаштырбай, бир туугандар чогулуп баарын ак эмгек, маңдай тер менен баштадык. Кудайга шүгүр, аракетибиз берекелүү болуп 7-8 айдын ичинде эле кардар топтоп, кадырлуу орунга айлана алды. “Айыл азыгындагы” ар бир тамак-ашты алгач ѳзүм үйрѳнүп, жогорку сапатка жеткире жасап сатууга коём. Аны башкаларга үйрѳтүп, тапшырган соң кийинки азыкты үйрѳнүүгѳ киришем. Уй кымыз, ысык курут, сүрсүтүлгѳн эт, чучуктардын баары ѳз колумдан чыгат. “Жан дүйнѳ тынчтыгы туура динде”
- Мүнѳзүм да ушул, принцибим да ушундай – бир несени кылсам, маңызын чыгара, түбүнѳ чейин иликтеп туруп кылам. Антип кылбай турган болсом, ал ишке тийбей жѳн коём. Ислам дининде беш маал намаз менен жашап келатканыма 20 жыл болду. “Динге күч менен, зордук менен келет” деп түшүнгѳндѳр бар. Жок, мен акылым менен келдим. Дин тууралуу кыргызча китептер дээрлик жок кезде аларды алгачкылардан болуп кыргызчага которуп, абдан кѳп окудум. Дин боюнча кыйын молдолордон ашык болбосо дагы кем билбейм. Окуп, изилдеп, динди тааныган сайын жан дүйнѳгѳ тынчтык берген жашоо ушул жакта экенин билдим. Кудай деп тынч жашоомду жашап келе жатам. Алты балам бар. Улуу тѳрт балам үй-жайлуу болушкан. Үчѳѳ чет мамлекетте, кичүү кызым борбордо. Ал эми эң кенже уулдарымдын бири мектепке, бири бала бакчага барат.
Алия АСКАРОВА