Маданият
Сюита СОУРБАЕВА, журналист: КТРК мамлекеттик саясатты туура чагылдырып элдин көйгөйүн дарегине жеткирүүчү көпүрө
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Сюита СОУРБАЕВА, журналист: КТРК мамлекеттик саясатты туура чагылдырып элдин көйгөйүн дарегине жеткирүүчү көпүрө
© Элита плюс
Сюита СОУРБАЕВА, журналист: КТРК мамлекеттик саясатты туура чагылдырып элдин көйгөйүн дарегине жеткирүүчү көпүрө
© Элита плюс

“Дарак бир жерден көгөрөт” дегендей журналисттик кесипти тандап, ошол тармактын ысык-суугуна күйүп, талыкпай эмгектенип келе жаткан кесиптештерибиздин бири С.Соурбаева. Журналистикага болгон алгачкы кадамынан тарта багындырган ийгиликтери, ал бийиктиктерге жетүү үчүн дем берген, колдоп, сүрөгөн ата-энеси тууралуу кенен маалыматка назар салыңыздар.

БАЛАМДЫН АПАМА УШУНЧАЛЫК ОКШОШ ЭКЕНИ ЖҮРӨГҮМДҮ ТОЛКУНДАНТТЫ -Бала чактагы бактылуу күндөрүм Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Үч-Коргон айылында өткөн. Он эки бир туугандын онунчусумун. Ар бир адам балалык туурасында кеп кылганда айылды эстесе керек. Мен да “Ааламга жол айылдан башталат” деген сөздү туу тутуп, ар убак айылды эстейм. Ата-энем бизге абдан мыкты тарбия берди. Апам 12 баланы төрөп, эрезеге жеткирип, үзүрүн көрөрдө 64 жашында арабыздан кетип калды. Бул менин жүрөгүмдүн түбөлүк өксүгү болду. Апам көрөгөч, баланы баладай, күйөөнү татыктуу кароо жагынан эч кимди алдыга салдырбаган аялзаты эле. Мектепте окуган эмес. Андыктан, мени “китеп окуп бер” дечү. Мен да жаш экем образга кирип китептеги ар бир каарманды кыраатын келтире көркөм окуп берчүмүн. Дагы бир эсимде калганы, апам каада-салтты, үрп-адатты турмуштук тажрыйба менен мыкты билип жасачу. Бирок, “китепте кандай экен? Кызым сен окуйсуң го. Айтып берчи” дечү. Ар кайсы китепте ар кандай жазылганын айтсам. “Ии кызым, заман өзгөрүп акча көп болсо каада көп. Баары бир ата-бабабыздан калган салттарыбыз дурус деп сүйлөнүп калар эле. Апамдын көзү өткөнүнө он беш жылга чукулдап калды. Ушул күнгө чейин апа жөнүндө ырларды уксам же сөз болсо муунум бошоп бук болуп чыгам. Ата-эненин ордун эч ким, эч нерсе баса албайт. Кээде турмуштун ар кандай кырдаалы болгондо алар жанымда болсо башымды жөлөп ыйлап алат элем деп калам. Менин чыгармачылык жолумдун башаты атамдан башталган десем да болот. Ал киши өмүр бою жетекчилик кызматтарда иштеген кыргыздын намыстуу инсаны эле. Көп тоскоолдуктарды көргөн, жаштыгы согуш мезгилине туш келип, бир туугандарын өзү бутуна тургузуп, өмүрү өткүчө карындаштарын да, балдарын да карады. Менин ар бир жетишкендигимди баалап, эфирлеримди үзбөй көрөт эле. Эсимде.... Мен анда президенттик пулда иштечүмүн. Чет жактарга, өлкө аймагына сапарлар менен көп жүрөр элем. Ошондой күндөрдүн биринде Казакстандын президентинин ант берүү аземине делегациянын курамында барып калдым. Эми чынында ал жакка барган журналисттерге көп көңүл бурулбайт. Үйгө эч нерсе деле сатып ала албадым. Түн бир оокумда келсем, атам эт астырып камыр жасатып Аксынын беш бармагын даярдатып уктабай отурушуптур. Эшикти бир какканда эле апам чуркап чыгып, башыман бир чыны сууну айлантып, “аман келдиңби?” деп боорлоруна кысып алышты. А менин колумда болгону эки мандарин, аны да аэропорттон атам менен апама деп алып алгам. Ошол нерсе алар үчүн аябай баалуу болду. Ал эми мени чоң бир адамдай өтө сый менен тосуп алып экөө ортосуна отургузуп алмак-салмак “кызым ала кой” деп эркелетишет. Мына ошол ата-энем менен өткөргөн ар бир күнүмдү күндө эстейм, сагынам. Кош бойлуу болуп, толгоом келген сааттан ата-энем жанымда болгонун сездим. Уулум төрөлүп, дарыгер баламды көкүрөгүмө койгондо апамдын элеси келди. Баламды карасам апама ушунчалык окшош экенин көрүп жүрөгүм толкунданды. Азыр болсо апам бизге кандай мээрим төксө мен да ошондоймун. Негизи аялзатынын башкы миссиясы баланы жарык дүйнөгө алып келип, аны татыктуу тарбиялап, мээримге бөлөө. Жаратканым ошол бакытты мага да тартуулаганына чексиз шүгүр. Анткени, бардык нерсе өтөт кетет. Изиңди улаган балдарың экен да. Жумуштан чарчап келгенде баарын унуткарган менин балапаным. Мен да азыр мээримдүү эне, сүйүктүү жармын. Жаратканымдын ушул бакытты буйруганына каниет кылам. Негизи эле, элге башы көрүнгөн адамдардын жеке турмушу көпчүлүккө кызыктуу боло берет эмеспи. -Жашоомдо билим алууну, элге кызмат кылууну 1-орунга коюп алганымды отуздан ашкандан кийин түшүндүм. Ага чейин курчаган досторуң дайыма жаныңда боло берет экен деген ойдо жүрө бериптирмин. Жан дүйнөмдө эмне болсо ачылып бөлүшүп берет элем. Бирок, “Жаман душман эски достон чыгат” демекчи, анын баары акыры келип өзүмө душман болушту. Ошол учурда мени коргогон жанымда жалгыз эжемдин кызы болду. Анын аты Каныкей 7-классынан өзүмө кыз кылып алдым эле. Ал мага бир эле учурда курбу, сырдаш, бир тууган анан калса баламдай болчу. Биргеликте көп жакшы жаманды көрдүк. Аны жетелеп жүрүп кудай мага да уул берди. Кыргыздын бардык каада-салты менен турмушка чыктым. Эми буйруса Каныкейди да тууруна кондурдум. Эгиз балдардын түгөйүнө турмушка чыкты. Бактылуу болсун!

ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЖОЛ МЕНИН ЖАШООМДУН БИР БӨЛҮГҮ -Жашоо деген кызык нерсе экен. “Көрө-көрө көсөм болосуң” демекчи, өзүмдүн турмуш жолумда ар кандай жемиштүү да, өкүнүчтүү да учурлар болду. Мен канчалык жан үрөп ишимди так аткарбайын, бут тосуулар болбой койгон жок. Анын баарын жеңүү мага оңойго турган жок. Бул тажрыйба мага адамдарды иргөөгө үйрөттү. Ак көңүл жаным кимге жардам керек болсо дүкүлдөп чуркап көмөктөшкөн адатым бар. Бирок, андай кылган болбойт экен. Күн-күнү келгендер ар ким өз кызыкчылыгы, керт башы үчүн күрөшөт тура. Мен журналисттик жолумду студент кезден эле баштагам. Ошондон бери 20 жылга чукул убакыттан бери журналистиканын казанында кайнап келатам. Кабарчылыктан баштап жетекчилик кызматтарга чейин баратам. Мен эч качан жаңычылдыктан, жаңылануудан, жаңы идеяларды ишке ашыруудан коркпойм. Айрымдарга жакпаган сапатым бетке айтканым эле болсо керек. А мен дайыма адилеттүүлүк үчүн жанымды аябайм. Чыгармачылык жол менин жашоомдун бир бөлүгү, ансыз өзүмдү элестете албайм.

КТРКНЫН БАШКЫ ДИРЕКТОРЛУГУНА ТАЛАПКЕР БОЛУП ЖАТАМ -Албетте, ар бир иштин кыйынчылыгы менен жыргалчылыгы бар. Алгачкы КТРКга барган күндөрүм эсимде. Анда абдан мыкты, өз ишине күйгөн, жаш студенттер келсе жардам берген Бөлөкбай Шеримбеков, Курманбек Рыспаев, Асан Шыгаев, Эркин Каимов сыяктуу айкөл адамдар иштечү. Алар мага агамдай адамдар эле. Бир жолу продюсерибиз Бөлөкбай Шеримбековдун кабинетине баш баксам “Жетиген” аналитикалык программасынын текстин жазып даярдап жатыптыр. Аябай тартынчаак элем. Уялганымдан эшикти акырын ачып бир нерсе сурайын деп кайра чыгып кеттим. Ошондо “бул адам кайдан ушундай акылдуулукка жетишти экен? Мен да ушундай болор бекем?” деп кыялга батып КТРКдан үйгө чейин жөө баргам. Анда мен Бишкек шаарынын 7-кичи районунда жашачумун. Элестетиңиз Жаш Гвардия бульварынан үйгө чейинки аралыкты. Бир ой менен кете берип кантип жеткенимди билбейм. Ошол максаттар кийин бара-бара ишке ашты. КТРКда иштеп жүргөндө көп нерсени үйрөндүм. Бир күнү жумушка келдим. Ошондогу директорубуз мени көп жактырчу эмес. Ал мени “штатка ала албайбыз” деп салды. Көзүмөн от чачырап ыйлап чыгып баратсам, Мырзакул Мамбеталиев агай жолугуп калып, эмнеге ыйлап жүргөнүмдү сурады. Анда менин көзүм толо жаш “агай, ушул жерден дарагым көгөрүп иштесем деп ниеттендим эле. Андай болбоду” десем, Мырзакул агай “дарак көгөрүш үчүн аны отургузуш керек” деди. Ошентип, үйгө барып бир күн кечке ыйладым. Анан КООРТ деген каналга барып, бир ай стажировкада жүрүп кабарчы болуп ишке орноштум. Ошондон тартып менин чыгыны журналисттик жолум башталды. Анда Өмүрбек Сатаев жетектейт эле. Ал киши өтө маданияттуу журналистиканын түп-тамырын билген кесипкөй эле. Анын менин аракетиме болгон колдоосу, көз карашы дем берип турар эле. Кабарчылыктан жооптуу редактор болдум. Андан соң 5-канал ачылды. Анда да “Жаңылыктар” бөлүмүнүн жооптуу редактору, “Майдан” программасынын алып баруучусу, көп узабай аткаруучу продюсери болуп да иштедим. Ушундай талыкпаган эмгегимдин арты мени кайра КТРКга алып келди. Качандыр бир мезгили келгенде кайра журналистик жолум башталган жерге жетекчи болуп каларымды жүрөгүм сезчү. Мага келген сунушту четке какпай “Ала-Тоо” маалымат-аналитикалык борборуна продюсер болуп калдым. Эмгек жамаатка түштөн кийин саат төрттөрдө тааныштырышканы эсимде. Ошол сааттан баштап чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн сезип ишиме кириштим. Анда жамаат да мени жакшы кабыл алып, бир топ жакшы ийгиликтерди жарата алдык. Штаттан сырткары иштеп, бирок, штат маселеси чечилбей жүргөн улан-кыздарды жумушка алып биргеликте иштөөгө бел байладык. Ошондо мен чыйыр салып берген журналисттер азыр да иштеп жүрүшөт. Бири-бирибизге абдан сый мамиледебиз. 2010-жылдагы бийлик алмашуу, андан көп узабай Ош окуясы мени Ош шаарына алып барды. “ОшТв” каналына башкы директорлук кызматка чакыруу алдым. Буга чейин берген маектеримде ал жактагы абал туурасында бир топ айткам. Бирок, мен Ошко барып иштегениме эч качан өкүнбөйм. Оштун эли менин каналды өнүктүрүүгө болгон аракетиме кол кабыш кылып колдоп турушту. ОшТвны чыныгы кыргыз жыттанган каналга айланта алдым. Болгону үч камера жана стажерлордун жардамы менен эфир жасап, бир жылга жетпеген аралыкта өлкөдөгү мыкты телевидениенин катарына жетиштик. Ал үчүн ошол учурда мени менен максатташ болгон адамдарга чексиз ыраазымын. Тилекке каршы, арадан убакыт өтүп ал эмгекти жокко чыгарып, өзү эле ушундай кирешелүү канал болуп калгандыгын таңуулаган адамдар да болду. Чындык, ак эмгек эртеби-кечпи бааланарына ишеним бар. Ошто иштеп жүрүп Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде мугалимдик жолум башталды. Канчалган студенттерге дем берип, тажрыйбам менен бөлүштүм. Турмушта бирде өйдө бир төмөн боло берет экен. Республикадагы бир партиянын маалымат кызматын жетектедим. Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер болдум. Жогорку Кеңеште эксперт болуп иштеп, андан соң юридикалык билимиме карап Жогорку соттун төргасынын кеңешчиси, кийин ушул эле мекеменин басма сөз катчысы кызматын аркаладым. Эми болсо алгачкы журналистикага ташталган кадамым болгон КТРКнын башкы директорлугуна талапкер болуп жатам. Менин ал жакка бараткандагы максатым туурасында ачык эле айтып келем. Эң башкысы телекөрүүчүлөргө сапаттуу көрсөтүүлөрдү тартуулоо. Албетте, ал үчүн каржы маселеси 1-орунда турат. Бирок, КТРК өзүн-өзү багып кете турган жер. Ал жерде иштин баары буга чейин эле жолго коюлган. Болгону заман талабына ылайыкташтырып обьективдүү жана элдин кызыкчылыгын коргоо гана миссиясы турат. КТРК мамлекеттик саясатты туура чагылдырып элдин көйгөйүн дарегине жеткирүүчү көпүрө.