Коом
"Бир дүйнө-Кыргызстан – 2020" фестивалы онлайн өтөт
Элита плюс
Октябрь 01, 2020 г.
"Бир дүйнө-Кыргызстан – 2020" фестивалы онлайн өтөт
© Элита плюс

Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын ХIV эл аралык фестивалы быйыл "Адамдар жана кырсыктар: тобокелдиктер кырсыктарга айланбашы үчүн кандай кылуу керек?" деген темада өтөт. Коронавирус пандемиясына байланыштуу фестиваль 2-октябрдан 6-ноябрга чейин онлайн форматта өтөт. Фестивалдын алкагында жергиликтүү жана эл аралык эксперттер менен бирге талкуулар жана чеберканалар уюштурулат. Иш-чаранын уюштуруучусу, "Бир дүйнө-Кыргызстан" коомдук фондунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын  билдиргени боюнча, кырсык тобокелдиктерин төмөндөтүү - бул кырсык шартында жашап кетүү менен гана чектелбейт, тобокелчиликтердин шартында жашоо-турмушун жакшыртуу жөндөмүн өнүктүрүүнү башкара билүү да кирет:

"2015–2030-жылдарга карата кырсык тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча Сендай программасына бириккен мамлекеттер өнүгүү жалпы жарандардын мамилесинен көз каранды экенин таанышат. Ал өнүгүүгө кызыкдар топторду - аялдарды, майыптуулугу бар адамдарды, балдарды жана жаштарды, улгайган адамдарды, этникалык топторду, жалпы эле бүтүндөй жарандык коомчулукту камтыйт. БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш баяндамаларынын биринде өзгөчө глобалдык пандемиянын шартында туруктуу өнүгүү аракетинин зарылчылыгын баса белгилеген".

Кыргызстан БУУнун башка мүчөлөрү менен катар Туруктуу өнүгүүгө жетишүүнүн 17 максаты боюнча иш алып барат. "Бир дүйнө Кыргызстан-2020" фестивалы мунун ичинен сегиз максатка арналган. Алар:

Чың ден соолук жана бейпилчилик;

Сапаттуу билим берүү;

Гендердик теңчилик;

Таза суу жана санитария;

Татыктуу жумуш жана экономикалык өсүш;

Тең укуктуулук;

Тынчтык, акыйкаттык жана натыйжалуу институттар;

Туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында шериктештик;

Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы 2007-жылдан бери өткөрүлүп келет. Фестиваль - адам укуктары жана эркиндиктери боюнча өзөктүү темаларды көтөргөн жарандык платформа