Коом
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу иши жанданды
Элита плюс
Октябрь 12, 2020 г.
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу иши жанданды
© Элита плюс

Бүгүн, 12-октябрдан тарта биометрикалык маалыматтарды чогултуу иши жандандырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Биометрикалык маалыматтар Калкты тейлөө борборлорунда, жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорт берүү жана элди каттоо бөлүмдөрүндө чогултулат.

"Жогорку Кеңешке болгон шайлоого байланыштуу шайлоочулардын тизмесин түзүү үчүн 20-сентябрда биометрикалык маалыматтарды чогултуу токтотулган. Биометрикалык маалыматтарды тапшырууда жарандардын жанында ID-карт же жалпы жарандык паспорт болуусу керек", - деп билдирет Каттоо кызматы.

Эскерте кетсек "Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык каттоосу тууралуу" мыйзамга ылайык, Кыргызстандын жарандары 16 жашка толгондон кийин биометрикалык маалыматтырын тапшырышы керек.

Каттоо кызматы жарандарды санитардык эрежелерди сактоого жана беткап тагынып жүрүүгө чакырат.