Аймактар
Билим -жашоо чырагы, өнөр - элдин курамы
Элита плюс
Апрель 29, 2022 г.
Билим -жашоо чырагы, өнөр - элдин курамы
© Элита плюс
Билим -жашоо чырагы, өнөр - элдин курамы
© Элита плюс
Билим -жашоо чырагы, өнөр - элдин курамы
© Элита плюс
Билим -жашоо чырагы, өнөр - элдин курамы
© Элита плюс
Билим -жашоо чырагы, өнөр - элдин курамы
© Элита плюс
Билим -жашоо чырагы, өнөр - элдин курамы
© Элита плюс

Бүгүн 29-апрелде Сокулук районунун маданият үйүндө “Сары-Өзөн чолпондору-2022” аталышындагы конкурстун гала концерти болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Сокулук районунун акими, райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилери, мектеп директорлору, бала бакчалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты. Концертте аталган районго караштуу мектептерден, бала бакчалардан биринчи, экинчи этаптар менен тандалып алынган балдар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. “Өнөрлүү өлбөйт” демекчи, комузда, ооз комузда жана башка улуттук аспаптарда кол ойноткон мектеп окуучуларынан сырткары Сокулук районундагы 30 бала бакчанын арасынан беш бала бакчанын тарбиялануучулары чоң сахнада ыр ырдап, бий бийлешти. “Жан уя” балдар бакчасынын тарбиялануучусу “Манасты” куюлуштура айтса, Г. Капарова атындагы мектептин окуучулары чынылар менен комуздун коштоосунда “Попури” жаңыртышты. М.Жангазиев атындагы мектептин окуучулары “Селкинчек” хорун, “Солнышка” балдар бакчасы театралдаштырылган ыр бий тартуулашты. Ал эми Чыңгыз Айтматов атындагы Новопавловка №1 Инновациялык Окуу тарбия берүү комплекстик лицейинин “Материнская школа” балдар бакчасынын тарбиялануучулары “Ачык көңүл балдарбыз” аталышындагы бийин мыкты деңгээлде аткарышты. Балдарга арналган салтанаттуу иш-чарага катышып олтуруп, билим, тарбия берген мугалимдер менен тарбиячылардын ак эмгегине ыраазы болдум. Өзгөчө балдар бакчасынын тарбиячылары кичинекей наристелер менен кошо бийлеп, кубанса кубанып, ыйласа ыйлагандай болушту. Жыйынтыгында  Чыңгыз Айтматов атындагы Новопавловка №1 Инновациялык Окуу тарбия берүү комплекстик лицейинин окуучулары 1-орунду багындырса, аталган лицейдин алдындагы “Материнская школа” балдар бакчасынын бийчи уул-кыздары 3-даражадагы грамота менен сыйланышты. “Бала падышадан да кудуреттүү” демекчи, билим гана бербестен таланттуу балдардын талантын ташкындатууга дем-күч берген мугалим, тарбиячыларга алкыш. Иштеринде ийгиликтер болсун.