Коом
Билим берүү жана илим министрлиги: Санариптештирүү иштери күчөтүлөт
Элита плюс
Август 19, 2020 г.
Билим берүү жана илим министрлиги: Санариптештирүү иштери күчөтүлөт
© Элита плюс

Билим берүү тармагын санариптештирүү иштери күчөтүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү тармагында санариптешүү багытында комитет менен биргеликте жасалып жаткан иштер талкууланды.

Жаңы окуу жылга даярдык боюнча жасалып жаткан иштер, мектептердин интернетке туташтырылуусу боюнча бир топ маселелер чукул арада чечилүүсү керек экендиги айтылды.

Каныбек Исаков билим берүү тармагын санариптештирүү иштерин күчөтүү жана жасалып жаткан иштерди талкуулоо, көйгөйлөрдү аныктоо үчүн комитеттин төрагасы менен мындай жолугушууларды бир айда эки жолу өткөрүп турууну макулдашты.