Коом
Билим берүү жана илим министрлиги "Санарип мугалим" айлыгын өткөрөт
Элита плюс
Август 05, 2020 г.
Билим берүү жана илим министрлиги "Санарип мугалим" айлыгын өткөрөт
© Элита плюс

Учурдагы эпидемиялык кырдаалга байланыштуу окуучулар менен мугалимдердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында Билим берүү жана илим министрлиги 5-августтан 25-августка чейин "Санарип мугалим" деген бир айлыгын өткөрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди. Ал ошондой эле өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу быйыл билим берүү кызматкерлери үчүн август конференциясы онлайн режимде өтөрүн кошумчалады.