Саясат
Билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев жаңы челленж баштап, эстафетаны Артём Новиковго узатты
Элита плюс
Декабрь 25, 2020 г.
Билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев жаңы челленж баштап, эстафетаны Артём Новиковго узатты
© Элита плюс

Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев Жаңы жыл алдында жаңы челленж баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз катчысы Илгиз Султан билдирди.

Буга чейин “Балажан” республикалык борбору өлкө боюнча жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар интернаттарынын арасында “Жаңы жыл – жаңы үмүт” аттуу долбоордун алкагында сүрөт сынагы болуп өткөн. Анда тандап алынган мыкты сүрөттөр мамлекеттин башындагы жетекчилерге, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана элчилерге жаңы жылдык куттуктоо катары белек катары жөнөтүлгөн.

Алардын арасынан Алмаз Бейшеналиевге Ош облусундагы атайын жалпы билим берүүчү дүлөй балдар үчүн мектеп-интернатынан 13 жаштагы Иманбек Жунускановдун сүрөтү келген. Министр өзүнүн атынан Иманбекке белектерди жөнөтүп, кезекти премьер-министринин милдетин аткаруучу Артём Новиковго узаткан.

Эстафетанын шарты боюнча балдардан сүрөт белек алган жетекчи авторго жаңы жылдык белек берүүсү керек.