Коом
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында күз-кыш маселеси каралат
Элита плюс
Ноябрь 05, 2020 г.
Бүгүн, 5-ноябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтөт. Анда 5-6-октябрда болуп өткөн окуяларга байланыштуу Жогорку Кеңештин имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүү жөнүндө маселе каралат.
Ошондой эле өлкөдөгү эпидемиялогиялык абал тууралуу Өкмөттүн маалыматы угулат.
Мындан тышкары, экономика тармактарын жана калкты 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча өкмөттүн иши жөнүндө маалымат угулат.