Коом
Бүгүн Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү канча?
Элита плюс
Октябрь 13, 2020 г.
Бүгүн Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү канча?
© Элита плюс

Бүгүн, 13-октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 109 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 218 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 392 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.