Коом
Бүгүн суунун көлөмү 15 млрд 116 млн куб метрди түздү
Элита плюс
Сентябрь 16, 2020 г.
Бүгүн суунун көлөмү 15 млрд 116 млн куб метрди түздү
© Элита плюс

Бүгүн, 16-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 116 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 404 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 317 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот. Активдүү мезгили болуп май айынан сентябрдын ортосуна чейинки убакыт эсептелет.