Аймактар
Бүгүн Ош шаарынын бир көчөсү жабылат
Элита плюс
Май 08, 2023 г.
Бүгүн Ош шаарынын бир көчөсү жабылат
© Элита плюс

9-майда саат 08:00дөн 11:00гө чейин Ош шаарынын бир көчөсү жабылат.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата “Өлбөс полк” жүрүшүнө байланыштуу Ленин көчөсүнүн Нурматов көчөсү менен кесилишинен баштап Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөгө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Шаардык мэрия унаа ээлеринен жолду тоспоо жана башка унааларга тоскоол болбоо үчүн унааларын кароосуз калтырбоону суранат.