Коом
Бүгүн коронавирустан 5 бейтап каза болду
Элита плюс
Октябрь 10, 2020 г.
Бүгүн коронавирустан 5 бейтап каза болду
© Элита плюс

Акыркы суткада коронавирус 5 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 2, Ош облусу 3 адам каза болду.

Белгилей кетсек, 10-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 307 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 48 миң 924тү түзөт. Алардын ичинен 44 миң 227 киши айыгып чыкты, 1 миң 82 адам каза болду.