Коом
Бүгүн катталган 6 учурдун үчөө оор жүк ташуучу унаанын айдоочулары
Элита плюс
Май 16, 2020 г.
Бүгүн катталган 6 учурдун үчөө оор жүк ташуучу унаанын айдоочулары
© Элита плюс
Бүгүн катталган 6 учурдун үчөө оор жүк ташуучу унаанын айдоочулары
© Элита плюс

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, оор жүк ташуучу унаанын айоочулары артыкчылыктуу топко киришет. Алгоритмге ылайык, айдоочулар чек арадан өтүп жатканда, коронавируска анализ тапшырышат, андан кийин Транспорт жана жолдор министрлигинин адистери дарегине чейин коштоп барышат.

“Бүгүн катталган алты учурдун үчөө оор жүк ташуучу унаанын айдоочулары. Алардын бири, Казакстандын жараны, чек арадан кирбестен, жүгүн таштап кайра өлкөсүнө кирип кеткен. Алынган анализи коронавирусту тастыктаганына байланыштуу, биз коңшу Кордай районунун тийиштүү органдарына маалымат жибердик”, - Н.Үсөнбаев.