Коом
Бүгүн Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасы каралган жок
Элита плюс
Ноябрь 02, 2020 г.
Бүгүн Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасы каралган жок
© Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА
Бүгүн, 2-ноябрда Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын Бишкек шаардык соту карамак. Ал сотко жеткирилбегендиктен отурум жылдырылды. 
 
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 22-октябрда Камчы Көлбаев кармалганын билдирген. Кийинчерээк ошол учурда тартылган видео жарыяланды.   Колго түшүрүү иштери «Avangard» спорт клубунда жүргүзүлгөн. Анын кармалышы уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө байланыштуу.  Биринчи май райондук соту 23-октябрда Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын карап, УКМКнын абагына 2 айга камакка алынган.