Саясат
Бүгүн депутаттар Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн түзүмүн карайт
Элита плюс
Октябрь 14, 2020 г.
Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулуп, өкмөттүн курамы жана түзүмүн бекитүү тууралуу маселе карашат.
Жыйын «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт.
10-октябрда депутаттар Садыр Жапаровду өкмөт башчылык кызматка шайлашкан. Бирок кийинчерээк бул жыйында кворум болбогону айтылган.