Коом
Бүгүн дагы 410 адам COVID-19 илдети чыкты
Элита плюс
Август 03, 2020 г.
Бүгүн дагы 410 адам COVID-19 илдети чыкты
© Элита плюс

Кыргызстанда 3-август саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 410 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 37 миң 129 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 94
  • Ош – 47
  • Чүй облусу – 33
  • Ош облусу - 79
  • Талас облусу – 8
  • Нарын облусу – 12
  • Ысык-Көл облусу – 66
  • Жалал-Абад облусу – 37
  • Баткен облусу - 34