Коом
Бүгүн чет өлкөдөн кыргызстандыктар келишти
Элита плюс
Июнь 19, 2020 г.
Бүгүн чет өлкөдөн кыргызстандыктар келишти
© Элита плюс

Бишкекке Индиядан 10 кыргызстандык келди. Алар Кыргызстан менен Индиянын тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында жеткирилди. Маалыматка караганда, бардык учуп келгендер обсервацияга жайгаштырылат.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматында айтылгандай, учурда Индия тараптын өтүнүчүнө ылайык, Кыргызстандагы индиялыктарды мекенине алып кетүү аракеттери жүрүп жатат. Алар 16-июндан 28-июнга чейин «Air India» жана «Сapa Jet» авиакомпаниясынын чартердик каттамдары менен кетери пландалган. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 9 миңге жакын индиялык студент билим алат.

Ошондой эле, бүгүн Египеттен дагы 47 жаран келген. Четтен келгендердин арасында студенттер, наристелер, туризм багытында эс алууга барып мекенине келе албай жаткан жарандарыбыз бар. Кыргызстандыктарды мекенге кайтарууда бул жолу Казакстан тарап көмөк көрсөттү. Мекендештер "Air Cairo” авиакомпаниясынын учагы менен Каир шаарынан Алматы шаарындагы аэропортко учуп келип, андан кийин ал жактан Бишкекке атайын унаа менен алынып келинди. Кайтып келген жарандардын баары тиешелүү тартипте обсервацияга алынды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, пандемия башталган февраль айынан тартып, 60тан ашуун өлкөдөн 15 миңге чукул кыргызстандык алып келинген. Алардын 10 миңге чукулу Орусиядан келген.