Коом
Бүгүн 18 китептин бет ачар аземи болду
Элита плюс
Сентябрь 21, 2020 г.
Бүгүн 18 китептин бет ачар аземи болду
© Элита плюс

Бүгүн, 21-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги Мамлекеттик тил күнүн белгилөөнүн алкагында 18 китептин бет ачар аземин өткөрдү. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программанын алкагында, бул жылы 18 аталыштагы китеп 8409 нускада басылып чыккан. Китептердин бет ачар аземинде талкуу жүргүзүлүп, авторлорго сый акы берилди. 7 аталышта басылып чыккан китептер мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн, 1 китеп мектеп жана калган 10 аталыштагы китеп орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө багытталган. Китептердин кол жазмаларын кабыл алууда кесиптик окуу жайлардын жана Кыргыз Билим берүү академиясынын, Окумуштуулар кеңешинин чечимдери эске алынган.