Коом
Бүгүн 1-сентябрда өлкө Билим күнүн белгилейт
Элита плюс
Сентябрь 01, 2020 г.
Бүгүн 1-сентябрда өлкө Билим күнүн белгилейт
© Элита плюс

Бүгүн 1-сентябрда өлкө Билим күнүн белгилейт. Быйыл мектептер 156 миң балага эшиктерин ачты. Бирок, эпидемиологиялык абалга байланыштуу балдар биринчи чейректи аралыктан окушат. Биринчи класстын окуучулары гана күндө мектепке барган окуу режиминде окушат. Башка класстардын окуучулары үчүн телесабактар КТРКнын “Баластан” жана ЭлТРдин “Илим Билим” телеканалдарында көрсөтүлөт. Ошондой эле, видео сабактар Билим берүү министрлигинин платформасында жеткиликтүү болот. Мекеме окуучулардын 1-сентябрдан 4-сентябрга чейинки сабактарынын жүгүртмөсүн жарыялады.