Коом
Беш ай аралыгында Бишкек 171 өлкө менен соода алакасын жүргүзгөн
Элита плюс
Август 18, 2020 г.
Беш ай аралыгында Бишкек 171 өлкө менен соода алакасын жүргүзгөн
© Элита плюс

Беш ай аралыгында Бишкек 171 өлкө менен соода алакасын жүргүзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат. Экспорттун негизги көлөмү Улуу Британияга туура келип, жалпы үлүшү 79,6 пайыз болгон. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу АКШга экспорттун көлөмү 2,5 эсеге, Улуу Британияга 33,3% га, Швейцарияга 3 эсеге көбөйгөн. Казакстан, Россия жана Түркияга болгон экспорттун көлөмү төмөндөгөн. Ошондой эле товарлардын импорту негизинен Россиядан жүргүзүлгөн. Импорттун көбөйүшү Венгриядан 17,2% га, АКШдан 30,1% га, Польшадан 6,5% га жогорулаган. Ошол эле учурда былтыркы жылга салыштырмалуу Улуу Британиядан, Нидерландыдан, Кытайдан, Өзбекстан, Украинадан, Россиядан төмөндөгөн.