Дүйнөдө
Бельгияда инфекция жуктургандар көбөйүүдө
Элита плюс
Июль 28, 2020 г.
Бельгияда инфекция жуктургандар көбөйүүдө
© Элита плюс

Вирустун жайылуусун алдын алуу максатында Бельгиянын премьер министри коомдук жайларда дос туугандар менен жолугууга чектөө киргизди. Эң көп дегенде беш кишиге чейин топтолууга уруксат берилет. Ошондой эле жабык имаратта чогулгандардын саны 100дөн ашпашы керек. Бет кап тагынуу милдеттүү бойдон кала бермекчи. Бельгияда вирус жуктургандардын саны июнь айынын ортосунда азайган. Бирок акыркы күндөрү илдетке чалдыккан учурлар жүздөп саналып, шаар тургундарын тынчсыздандырууда. Соңку суткада эле 500 жаңы учур катталган. Жугуштуу ооруга чалдыккандардын көбү Антверпен шаарында катталган. Эгер эпидемиологиялык абал оорлосо бийлик карантинди кайрадан киргизээрин эскертти.