Дүйнөдө
Белгилүү корей кинорежиссёру коронавирустан көз жумду
Элита плюс
Декабрь 11, 2020 г.
Белгилүү корей кинорежиссёру коронавирустан көз жумду
© Элита плюс

Латвияда белгилүү корей кинорежиссёру Ким Ки-Дук 60 жашында коронавирус илдетинен көз жумду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Ким Ки-Дук ушул жылдын 20-ноябрында жеке иштери менен Латвияга барган. Ал 11-декабрга караган түнү ооруканада коронавирус илдетинен каза тапкандыгы айтылат.

Белгилей кетсек, белгилүү кинорежиссёр өткөн жылдын жай айында Бишкекти, Ысык-Көлдү көргөнү, кесиптештери менен таанышуу максатында Кыргыз өлкөсүнө келип кеткен.

Ким Ки-Дук кино дүйнөсүнө алгач өзүнүн "Крокодил" аттуу тасмасы менен аралаша баштаган. Азыркы тапта ал Кореяда эң белгилүү режиссёр, сценаристтердин бири. Ким Ки-Дуктун "Реалдуу ой", "Самаритянка", "Ээнсиреген үй", "Ариран", "Жекеме-жеке", "Сеть", "Адам, космос, убакыт жана адам" аттуу белгилүү тасмалары бар.