Саясат
Белгилүү коомдук ишмер Омутай Егимбаев 101 жашында дүйнө салды
Элита плюс
Сентябрь 18, 2020 г.
Белгилүү коомдук ишмер Омутай Егимбаев 101 жашында дүйнө салды
© Элита плюс

Белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Омутай Егимбаев 101 жашында дүйнө салды. Омутай Егимбаев 1919-жылдын 5-майында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында туулган. Пржевальскидеги зооветеринардык техникумун аяктаган. 1939-жылдын октябрь айында Кызыл Армиянын катарына чакырылып, 1946-жылдын июнь айына чейин кызмат өтөгөн. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, экинчи топтогу майып болгон. Москва шаарындагы КПСС Борбордук Комитетине караштуу Жогорку партиялык мектепти аяктап, Талас облусунун Киров райком партиясынын биринчи катчысы болуп шайланган. Омутай Егимбаев — каарман-жеңүүчүлөрдүн муунунун жаркын өкүлү. Мыкты жеке адамгерчилик сапаттары, эмгекчилдиги, фронттогу, кызматтагы жана жашоодогу талыкпас тажрыйбасы аркылуу ал жалпыбызга чыныгы кайратмандыктын жана патриотизмдин үлгүсү болуп келген. Омутай Егимбаевдин жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталат. Үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жээнбеков С. Ш., Жумабеков Д. А., Боронов К.А., Калиева Г. У. Дуйшембиев Р.С., Баатырбеков А.Б., Асрандиев Э.Ш., Мадумаров А.К., Эсеналиев Д. А., Темиралиев Т.А., Сагынбаев Д. К., Бекбоев Т.Б., Тердикбаев Э.Дж., Саргазаков К.С., Косатых В.А., Ибраев М.И., Абытов А.А., Осмоналиев А.Ш., Мамаев Р.Д., Жээналиев А.Ж., Жанузаков А.К., Суракматов А.

 Омутай Егимбаев менен коштошуу зыйнаты 18-сентябрда Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында өтөт.