Асылдарым
Белгилүү коомдук ишмер Гүлмира Мамбеталиеванын жаркын элесине арналат
Элита плюс
Март 01, 2020 г.
Белгилүү коомдук ишмер Гүлмира Мамбеталиеванын жаркын элесине арналат
© Элита плюс
Белгилүү коомдук ишмер Гүлмира Мамбеталиеванын жаркын элесине арналат
© Элита плюс
Белгилүү коомдук ишмер Гүлмира Мамбеталиеванын жаркын элесине арналат
© Элита плюс
Белгилүү коомдук ишмер Гүлмира Мамбеталиеванын жаркын элесине арналат
© Элита плюс
Белгилүү коомдук ишмер Гүлмира Мамбеталиеванын жаркын элесине арналат
© Элита плюс
Белгилүү коомдук ишмер Гүлмира Мамбеталиеванын жаркын элесине арналат
© Элита плюс

Сулайман МАМБЕТАЛИЕВ,  белгилүү коомдук ишмер Гүлмира Мамбеталиеванын атасы:

“Роза эжекеси менен бир класста “5” деген баага окуган”

Гүлмира Бишкекте төрөлгөн. Мен анда Ошко командировкага кеткем. Ал жакта пахтачылардын республикалык чогулушу болмок, ошону чагылдырууга жиберишкен. Кыргыз радиосунун кабарлар редакциясында жооптуу редактор болуп иштечүмүн. Жубайым ай-күнүнө жетип турган, ал жөнүндө айтсам, комитеттин жетекчилери “Кудайым бар, өзү сактасын, жакшы эле болор” деп коюшту. Кайтып келсем, кыздуу болуптурмун. Ал кезде дүйнө жүзү анча тынч эмес эле. Коммунисттик, капиталисттик өлкөлөрдүн кайым айтышуусу токтобой, кансыз согуштун жыты жыттанып турчу. Деги эле дүйнөдө тынчтык болсо экен деп кызымдын атын Гүлмира же тынчтыктын гүлү болсун деп өзүм койгом. Андан улуу кызым Роза тынч чоңойду. Кежирленчү эмес, ошону тартып Гүлмира дагы тентек болгон жок. Тили чыгып, буту басып, кичине чоңоюп калганда апасы дүкөнгө же башка жакка чыгарда сүрөтү бар китептерди карматып койчу, ошону барактап отура берчү. Колго сүрөттүү китеп тийбегенде кара сөз менен жазылган Сталиндин томдорун карматып койсо деле барактап тынч олтурар эле. Кейпи ийри-буйру тамгалардын турпаты деле аны кызыктырчу окшойт.

Биз мурда Нарында турчубуз. Фрунзеге кызматка которгондо үй-жай беришкен жок. Бирок радио комитеттин кызматкерлеринин кезегине жазып коюшкан. Канча жыл иштедим, биздин мекемеге батир бөлгөнүн уккан жокмун. Шаарда ар кайсы батирде көчүп жүрдүк. Үй ээлери “балдарыңар көп экен” деп кышта турсак, жазында үйлөрүн бошотуп берүүнү өтүнүшчү. Мен жумушта болгондуктан жумушубуз нормаланбагандыктан белгиленгенден ашыкча убакыт иште болууга туура келчү. Ошондон улам ижарага үй издөө жубайымдын үлүшүнө туура келчү. Ал байкуш чарчап, чаалыгып, шаарды үч көтөрө кыдырып убара болчу. “Өзүбүздүн эле Нарында тура бербей, эмнеге келдик”, - деп капа да болор эле.

Акыркы жолу Петя деген орус жигиттин үйүндө туруп калдык. Ал көп ичкен жигит болгондуктан арак ичкиси келгенде эле акча сурап келе бергенинен тажап жубайым Фрунзе шаарынын  аткаруу  комитетинин  төрагасына  арызданып  барыптыр. Ал киши эчак эле өтүп кетти, ошондуктан аты-жөнүн жазган жокмун. “Силер өңдүү адамдар толтура, батирди кайдан таап берем. Ары-бери чуркабай, өзүңөр үй салып албайсыңарбы”, - деп одоно жооп берген экен. “Анда арызданам», - десе, “билген жагыңа бар», - деп оройлонуптур. Кечинде жумуштан келсем, бул окуя жөнүндө ыйламсырап “Мен эми Раззаковго барам», - деди. “Көп ачууланба, байбиче, мүмкүн, менин кезегим боюнча батир тийип калар», - дедим. “Тийбейт, тийбейт”, - деп буулуга сүйлөдү. “Исхак Раззаковичке барам” дейсиң, ал кишинин жумушу көп, “аялына айтып койбойбу” деп мени уят кыласың”, - дедим. “Уялсаң сен барба, мен барам», - деди буулугуп. Үй-бүлөдө айтышканды жаман көрчүбүз, унчукпай калдым. Чын эле бир күнү Кыргызстан коммунисттик партиясынын борбордук комитетине барып: “1-катчыга кирем”, - десе, кирүүгө уруксат берүү үчүн конторага жибериптир. Ал жерде “уруксат берилбейт” деп кесе айтышыптыр. Борбордук комитеттин эшигинин алдына барып ызаланып ыйлап олтурса, эшик кайтарган милиционер: “Карындаш, эмне ыйлап олтурасың?” - деп сураса, бардык арыз-муңун ыйлап айтып бериптир. “Сиз азыр жөн кире албайсыз, арыз жазып алыңыз, оозеки айткан болбойт. Исхак Раззакович абдан жакшы киши, такыр орой мамиле жасабайт. Дайыма саат тогузга 10-15 минута калганда жумушка узун кара түстөгү жеңил машина менен келет, оң жак эшиги ушул тарапта болот. Сол жактагы эшигинен түшөт, ошол жерде туруңуз. Мен белги берип коём, ошондо барып “сизге арызданып келдим эле, киргизбей жатышат” деңиз. Өзү ээрчитсе ошондо кире аласыз”, - деп түшүндүрүптүр.

Эртеси кайра барып тосуп турса 1-катчынын машинасы токтоп, ал киши түшөт, калганы милиционер айткандай болот. Кечинде үйгө келсем жубайымдын көңүлү ачык. Исхак Раззаковичке киргенин: “Ал абдан сылык киши экен, “жүрүңүз” деп мени ээрчитип алды, эшик тоскондор унчукпай кала беришти. Арызымды бердим. “Батир аласыз” деп жардамчысын чакырып табыштады”, - деп айтып берди. Көп өтпөй Шаардык аткаруу комитеттин төрагасынын орун басары жубайымды чакыртты. Ал киши жубайымды ээрчитип барып Тынчтык проспектисиндеги жаңы бүтүп жаткан үйдүн 2-кабатынан эки бөлмөлүү үйдү көрсөтүп: “Жакында бүтөт, ушул жакка киресиздер”, - дептир. Бир-бир жарым айга жетип-жетпей, ошол батирге кирдик. Баарыбыз, өзгөчө кыздарым кубанды. Ошондо Гүлмира кызым: “Эми Петя келбейт ээ?” - деп жатпайбы. Бат-бат көчүп жүргөнүбүз, батир ээлеринин, айрыкча Петяныкындай жүдөткөн мамилеси балдарымдын да жүрөгүнө тийген тура. Биз бул батирде 4-5 жыл жашап, анан мени Нарынга которгондо көчүп кеттик. Ал батирде карындашым Какен Мамбеталиева туруп калды.

Нарынга көчүп келген соң кызым Роза мектепке 1-класска кирмей болду, аны угуп андан бир жаш кичүү Гүлмира да “окууга кирем” деп, “жашың жете элек, эмки жылы барасың” десек, көшөрүп “мен дагы окуйм” деп боло турган эмес. Жаңы окуу жылында Розаны ээрчитип алып Чкалов атындагы орто мектепке алып бардык. Бул мектептин директору Владимир Филиппович Унгефухт мурда биздин Он-Арчадагы мектептин директору болуп иштеп кеткен киши эле. Ал жылуу кабыл алды. Гүлмира жөнүндө айтканыбызда, “мен дагы окуйм” деп көшөрүп турганын көрүп: “Жакшы кыз турбайбы, мейли, окуса окусун, жетише албай баратса өзү эле калып калат”, - деди. Ошентип, Гүлмира Роза эжекеси менен чогуу окуп калды. Адегенде эле жакшы окуп “беш” деген баага татыды. Сабактан калбады. Бир гана жери, портфели оордук кылат көрүнөт. Бир жолу: “Бүгүн китеп, дептерлеримдин үстүнө карандаш, ручка кошулду. Эми мектепке чейин кантип көтөрөм”, - дегенинен Роза жардамдашып жүрүп, кийин тыңып кетти. Мектепти мыкты баалар менен бүттү. Роза жогорку окуу жайына математика адистиги боюнча өтүп кетти. Карындашым Какен Мамбеталиева Тарых факультетин бүтүп, этнография илимине аралашып, тарых илиминин кандидаты, доцент деген наамга ээ болду. Бул багытта мурда изилденбеген өнөр жай жумушчуларынын жашоосу, үрп-адаты жана башка жагдайлар боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, жактай албай калган докторлук диссертациясын бүтүргөн эле. “Эжени көрүп сиңди өсөт” деген чынбы, эжесинин өрнөгү менен Гүлмира да илимий иштерге багыт алып, адегенде философия илимдеринин кандидаты наамына ээ болуп, андан соң саясат таануу илиминин доктору, профессор даражасына жетти.

Бул жашоодо кубаныч да, өкүнүү да бар. Гүлмиранын ооруп жүргөнүн билчү эмесмин, мүмкүн, башкаларга дагы билгизчү эместир. «Чет мамлекеттерге кетти» деп угуп калчубуз, мүмкүн, дарыланып жүргөндүр... Бир жолу күйөө балам Аскар: “Гүлмира доктурга жатып чыкты эле, түлөө бергени жатабыз, келип кетиңиздер”, - деп чакырып калды. Бардык, түлөө беришти. Гүлмира жадырап-жайнап кадимкидей узатты. Ушунчалык бекем, кайраттуу тура. Көрсө, оорусу күчөп калган экен, ошондо да мени эч нерсе сезбесин дегенсип билгизген жок. “Ушул оорудан батыраак айыгып кетсем болот эле, аябай тажап кеттим”, - деди. 2-кабатта дарыланып жаткан экен, мени капа болбосун дедиби, түшүп келип чогуу чай ичти. Түшпөй жатып алсам атамдын жүрөгү ооруйт дедиби, эч нерсе сездиргиси келбеди. Бирок мен кеткенден кийин: “Турбай жатып алды”, - деди кызым Калима. Бул эскерүүнү жазып атып көзүмдүн жашы токтогон жок, ушул кагазга да тамды. Туулмак бар, өлмөк бар. Тынчтыктын гүлү болсун деген Гүлмирам түбөлүккө биз менен кош айтышты. Кызым эл сыйлаган, журт сыйлаган, адамдарга жакшылык гана каалаган жан эле. Жаштар өссүн, илим-билимге ээ болсун, өмүрлүү болсун дечү. Көптөгөн жылдар Нарында жаш таланттар кароо сынагын да өткөрүп, алдын чет өлкөлөргө чейин алып барып келчү. Карындашым Какендин илимий иштерине арналган бир жыйыны эсимде. Ал университеттин кабыл алуу комиссиясында иштеп жатканда бир көзү азиз жигит “окууга өтөм” десе, бардыгы кол шилтеп койгон экен. Аны окууга өткөрүп, ал кийин жакшы окумуштуу болгонун сүйлөдү. Эжесинин өрнөгүн улап Гүлмира да илимге өзүн арнап, далай жаштардын эмгектерин чыгарып, алардын келечегине жол ачканы, анын бейнесин жана дүйнөсүнүн өтө кеңдигин даана көрсөтүп турат.

Бейишиң    кабыл    болсун,    кызым. Сенин    жаркын    элесиң    биздин жүрөгүбүздө, небере, чөбөрөлөрдүн, кибире, кыбыралардын жүрөгүндө.

 Роза МАМБЕТАЛИЕВА, Гүлмира Мамбеталиеванын эжеси:

“Көпчүлүк бизди эгиз кыздар деп ойлошчу”

-Бала кезде биз Гүлмира экөөбүз такай бирге болор элек. Ойносок да, тентектик кылсак да чогуу жасоочубуз. Себеби экөөбүздүн жашыбыздагы айырма 1 жыл 3 ай эле. Мектепке чейинки курагыбыз Фрунзе шаарында өттү. Биз Тынчтык проспектисинин боюндагы Политехникалык институттун маңдайындагы этаж үйлөрдө жашар элек. Азыркы “Манас” кинотеатрынын орду бош талаа болчу. Көпчүлүк оюндарыбыз кошуна кыздар болуп ошол жерлерде болчу. Кошуналарыбыз негизинен орус тилдүү болгондуктан Гүлмира экөөбүз дагы орусча билчүбүз. Үйдөн көп алыс эмес жерде аэропорт боло турган. Ата-энебиз жумушка кеткен мезгилде биз аэропорт жакка барып темир торлор аркылуу кызыгуу менен самолёттордун учуп-конуп жатканын таң калып карап турчубуз. Биз бир нече саат убакыт сонуркап самолётторду карап тура берчүбүз. Ошондой эле кыялыбызда да биз самолёттор менен алыскы жерлерге учуп барсак деп кыялданчубуз.

Чоң апабыз Жумабүбү ар бир жайда Нарындын Солтон-Сары жайлоосуна Гүлмира экөөбүздү бир чети ден соолукту чыңаганы, экинчиден, кыргыз тилин унутпасын деп алып кетер эле. Жайлоодо он чакты үй-бүлө Солтон-Сары суусунун жээгинде боз үйлөрдө жайгашышчу. Ал эми аркы өйүздө чатырларда орус тилдүү геологдор жашап алтын кендерин изилдешчү. Биз, балдар болуп бидонго айран, кымыз, сүзмө, сүт ж.б. тамактарды алып геологдорго барар элек. Гүлмира экөөбүз котормочу болчубуз. Геологдор “кантип ушундай тоо арасында орусча таза сүйлөгөн кичинекей кыздар болот” деп таң калышчу. Алар бизге борщ, консерва, колбасалардан, таттуулардан берип узатышчу.

 Мен 1-класска барарымда атамды Нарын облустук “Нарын Правдасы” гезитинин редакторунун орун басары кызматына дайындашты. Ошондо биздин үй-бүлө Нарын шаарына көчүп барып, мени мектепке даярдай башташты. Мектеп формасын, сумка ж.б. окуу куралдарын сатып беришкен. Буларды көрүп Гүлмира дагы ата-энебизден мектепке керектүүлөрдү сатып алдырып алган. Себеби баары бир Гүлмира деле кийинки жылы мектепке бармак эле. 1962-жылы 1-сентябрда мен сыймыктануу менен мектеп формасын кийинип, чачыма чоң ак бантик тагынып, портфелди көтөрүп мектепке жөнөмөкчү болгондо Гүлмира: “Мен дагы мектепке барам”, - деп чыр чыгарды. “Азыр эрте” дегенди уккусу жок. Мейли, мектепти көрүп келсин деп мектепке бара жаткандай кылып даярдап ээрчитип алдык. Папабыз бизди ал кездеги атактуу Нарын шаарындагы Чкалов атындагы мектепке алып барды. Салтанат бүткөн соң класстарга бизди отургуза башташты. Папам мугалимге экинчи кызым алты жашта, документтери да даяр эмес, бир күнчө отурсун деп макулдашкан эле. Гүлмира экөөбүздү бир партага отургузгандан кийин мугалим жалпы балдарга орус тилинде ар түрдүү суроолорду бере баштады. Гүлмира экөөбүз гана бардык суроолоруна жооп берип жаттык, калган балдар орус тилин түшүнүшкөн жок. Анткени балдар бакчадан атайын орус тилине даярдалып келбесе, же үйдө орусча үйрөнүшпөсө. Сабак бүткөндөн кийин мугалим папамды Гүлмираны: “Окуй берсин, документин кийин деле даярдап бересиңер, мен күтөм”, - деп көндүрө баштады. Ошентип, биз классташ болуп он жыл бою бир класста чогуу окудук. Ата-энелерибизди кубантып мектепти жакшы окудук. Бир эле мезгилде музыкалык мектепте фортепиано боюнча окуп, шаардык балдар китепканасына жазылдык. Күнүгө жаңы көркөм адабият китебин алып тынбай окуп чыгар элек. Ал кезде телевизор абдан аз, жокко эсе, компьютер, уюлдук телефон деген жок, китеп окуу көпчүлүк балдарда калыптанган болчу. Ошондуктан мурдагы муун азыркы муунга караганда билимдүүрөөк болсо керек. Жогорку класстарга барганда биздин көркөм китепке деген табитибиз айырмалана баштады. Мен фантастика менен детективдерге кызыксам, Гүлмира тарыхый романдарга ыктай баштады.

            Мамам бизди окшош кийинтер эле, ошондуктан көпчүлүк бизди эгиз кыздар деп ойлошчу. Музыкалык мектепке П. И. Чайковскийдин сүрөтү түшүрүлгөн чоң папканы көтөрүп алып жөнөгөнүбүздө жолдо жолуккандар бизди атайылап карашып, ыраазы болушкандай “эгиз кыздар” деп калгандарын укчубуз. Экөөбүздүн бойлорубуз да тең чамалаш болуп, өңдөрүбүз окшошураак эле.

            Мектептен мага так илимдерди окуу жеңил болсо, Гүлмира гуманитардык предметтерге ыктачу. Адабият, тарых жана коом таануу сабактарынан доскага Гүлмираны жооп берүүгө чакырышса, тынбастан жана сөздөрүн кайталабастан так жооп берчү. Бир сабак бою тынбай сүйлөгөнгө кудурети жетер эле, ошондуктан бөлөк окуучулар дагы жооп беришсин деп мугалимдер аны токтотушчу. Өзгөчө Гүлмиранын жоопторуна тарых мугалими Тамара Николаевна Задорина ыраазы болчу. Дайыма мактап: “Келечекте чыгаан окумуштуу-философ болгонго ылайыктуусуң”, - деп тарых факультетине тапшырганга сунуш берген. Мектепти бүтүргөндө Гүлмира Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, аны кызыл диплом менен аяктаган.

            Мектепте Гүлмира активистка, мектептеги иш-чаралардын баарына активдүү катышчу. Бир мезгилде мектептеги “Клуб интернациональной дружбы”  уюмунун жетекчиси да болуп жүрдү. Клубда бөлөк мамлекеттердеги окуучуларга кат жазышып, алардан кат келсе кубанып жооп жазышып, альбом түзүшүп, дубал гезиттерин чыгарып, ар элдин үрп-адатын, маданиятын чагылдырган фестивалдарды өткөрүшүп турушар эле. Сабак бүткөндө мен үйгө шашылчумун, себеби кыздардын улуусу болгондуктан үй жумуштары менин мойнумда эле. Гүлмира болсо коомдук иштер деп мектепте 4-5терге чейин кармалып калчу. Кез-кез мамабыз аны: “Мага жардам бербестен мектепте эле жүрөсүң”, - деп урушуп калар эле. Мектептеги аракеттер Гүлмиранын мүнөзүн калыптандырып, бардык нерселерге активдүү мамиле кылуусуна өбөлгө болгон.

            Өзүнчө үй-бүлө болуп жашап калган кезде деле тынч тура алчу эмес. Сөзсүз бир нерсе менен алектенер эле, илимий эмгектерди жазды, кандидаттык жана докторлук диссертацияларды коргоду, ар түрдүү конференцияларга катышып,  уюштуруп да жүрдү. Балдар үчүн фестивалдарды өткөрүп, таланттуу балдардын эки жакка, чет мамлекеттерге чейин чыгуусун каржылап келди. Бул иш-чараларды уюштурууга бизди да катыштырар эле. Кыргыз кыздарынан чыккан 1-этнограф-окумуштуу эжебиз Какен Мамбеталиевага, анын эмгектерине арналган эл аралык деңгээлдеги илимий конференцияларды өткөрүп, китептер чыгарылды. Какен Мамбеталиева атындагы сыйлыктар уюштурулуп, бул багытта иштеген  ардагер, андан тышкары алдыңкы жаш окумуштууларды колдоо жүргүзүлдү. Өзүнүн кичи мекени болгон Эчки-Башы айылынын тарыхын, кыргыз элинин тарыхындагы урунттуу учурларды камтыган атабыз Сулайман Мамбеталиевдин бир нече китептерин чыгарттырган.

            18 жыл Нарын облусунда атактуу сүрөтчүлөрдүн, ырчылардын, комузчулардын катышуусунда массалык маалымат каражаттарын кошуп балдардын фестивалдарын өткөрүп, жыйынтыктоо үчүн жеңүүчүлөрдүн гала-концертин Нарын драма театрында, райондордогу көрүнүктүү маданият үйлөрүндө өткөрдү. Кыргызстандагы алдыңкы модельерлерге жеңүүчү балдарга кийим тиктирип чет өлкөлөргө (Түркия ж.б.) чейин алып барып конкурстарга катыштырды. Нарындык балдардан Түркияда өткөн эл аралык конкурстарда Гран-приге ээ болгондордун чыгышына Гүлмиранын эмгеги зор. Бул иштерди уюштурууга көп энергия жана нерв королчу. “Сени бирөө мажбурлабаган соң жаныңды кыйнабай эле койбойсуңбу”, - деп айткан күндөрүм болгон. Бирок Гүлмира алыскы катаал жаратылыш шартында жашашкан балдарыбыз цивилизацияны дагы көрүп, фестивалдарда катышуу бактысын баштан өткөрүп, өздөрүнүн талантын ачып, мекени үчүн намыс талашып, коомго керектигин сезишсин деп ойлор эле. Тууганчыл болчу. Эже-сиңдилерине, агасына, бөбөктөрүнө жөлөк болчу. Кимдин кандай кызыкчылыгы, эмне көйгөйлөрү бар экенинен маалымат алып, шыктандырып, жардам берүүгө даяр турчу. Менин кыздарым менен: “Бардыгы эң мыкты окушат, мыкты делген чет элдик университеттерде эң мыкты окушту”, - деп сыймыктанар эле. Алардын жетишкендиктерине кубанып, Женевада докторантурада окуган Нургүлдү көбүрөөк сурачу. Нургүлгө Швейцарияга барып, андан ары Австрия, Чехия, Германияга аны менен чогуу барайын деген оюна оорусу өөрчүп кетип жете албай калды. Буга кейип да жүрдү.

            Классташтар жана курсташтар менен да мамиле түзүп жүрөр эле. Мен классташтар менен көп байланышчу эмесмин. Гүлмира классташтардын жаңылыктарын мага айтып берип турчу. Өзү окуган Чкалов атындагы мектепке жардам берүү боюнча көп ойлору бар эле. Мектептин юбилейинде бир классты эмерек менен жабдыганга, эң тажрыйбалуу мугалим Лариса Федоровна Кривопаловага стипендия бергенге үлгүрдү. Бирок көп ойлорун аткарууга, анын ичинде Эчки-Башы айылындагы Ж. Иманалиев атындагы мектебине жардам берүүгө үлгүрбөй калды. Шум ажал жолтоо болуп кетти. Бизге Гүлмира жетишпей бир ыптабыз бошоп турат. Аны эстегенде көздөн жаш тегеренет. Бирок тагдырга баш ийбеске айла жок.

                   

               

Жамиля МАМБЕТАЛИЕВА, Гүлмира Мамбеталиеванын сиңдиси:

“Китепти көп окугандыктан сөз байлыгы кенен болчу”

 

“Биз төрөлгөн ошол үй базар болуп,

Турчу эле го өзгөчө шаңга толуп.

Азыр кайда бир тууган асылдарым,

Жүрөм баарың сагынып, куса болуп” деген ыр саптарында айтылгандай, бир тууганыңдан өткөн бул дүйнөдө ыйык, жакын эч ким болбос. Жамиля Мамбеталиева эже да өзүнүн бир тууганы тууралуу эскерип, бирде бала чактагы бактылуу күндөрүн эске салса, бирде муңайып эжекесинин бул жашоодон эрте кетип калганына кейип отурду. Анын эжеси кыргызга белгилүү илимпоз, коомдук ишмер маркум Гүлмира Мамбеталиева эле. Эжекеси менен сыймыктанып, бир үйдө катар өскөн Жамиля эже бала чактын бактылуу учурларын айтып берди.

 

“Кароолчудай болуп кайда барса дайыма жанында жүрчүмүн”

 

-  Экөөбүздүн ортобуз болгону эки жаш. Негизи эле бардык бир туугандарымдын ортолору бири-биринен эки жаштан айырма. Улуубуз Роза эжем, анан Гүлмира эжем, мен, менден кийин Фатима менен Валя. Баарыбыз удаа болгондуктан дайыма чогуу жүрүп, чогуу өстүк. Өзгөчө Гүлмира эжем экөөбүз курбулардай элек. Кароолчудай болуп кайда барса дайыма жанында жүрө берер элем. Өзү деле дайыма “жүр” деп ээрчитип алчу. Момпосуйду жакшы көрчү. Апабыз да өтө сарамжалдуу аял эле. Бирок үйгө кайсы убакта конок келбесин, дайыма дасторкону жайнап, ага даяр болчу. Сырттагы ашкана үйдө турган жашикке таттууларды салып койчу. Нарын суук да, жакшы сакталып тура берчү. Ал кезде момпосуй деле, эт деле жашикте турчу. Гүлмира эжем экөөбүз эле момпосуйларды ал жакка катарын билчүбүз. Эжем момпосуйду өтө жакшы көргөндүктөн жегиси келгенде мага: “Момпосуй жегим келип жатат, жүр, ашканага барабыз”, - деп шыбырачу. Экөөбүз барып, бирөө көрүп калбасын деп мен сыртта эки жакты карап турчумун, кароолдо (күлүп). Гүлмира эжем кирип шашпай жеп бүтүп, анан мага ала чыгат. Ошентип, бир күнү апабыз бош баштыкты кармап издеп эле таппай калар эле.

 

“Тазалыгынан бир сүрткөн жеримди кайра-кайра тазалатчу”

 

-  Ата-энебиз иштегендиктен күн бою үйдө болушчу эмес. Үйдө бардыгыбыздын милдетибиз бар болчу. Улуу эжебиз дайыма тамак жасоо милдетин алган. Анткени ал тамакты аябай даамдуу жасачу. Гүлмира эжем бардыгын ордуна коюп, иреттеп үй жыйначу. Экөө мага чаң сүртүү милдетин беришкен. Бүтөрүм менен келип текшерип алмай. “Жарабайт, кайра сүрт”, - деп бир сүрткөн жеримди улам-улам тазалатары азыр да эсимде. Анткени Гүлмира эжем аябай таза болчу. Өзүн да аябай таза, тыкан алып жүрчү. Кийимди да ошол кезде эле табит менен тандап кийинер эле. Бизди да ошого үйрөтчү. Ал кезде бардыгы бирдей форма, фартук кийишсе деле классташ кыздарынын арасынан айырмаланып турчу. Фартукту башкачараак кылып тиктирип, узун чачын бирде өрүп, бирде түйүп, айтор, ар кандай кылып өзгөчөлөнгөндү жактырчу.

Бардыгыбыз орус мектепте окугандыктан үйдөн да орус тилинде сүйлөшчүбүз. Эне-атабыз келгенде кыргызча сүйлөшүп калар элек. Гүлмира эжем сөзүн кыргызча баштаса аягына чейин кыргызча, орусча баштаса аягына чейин орусча сүйлөчү. Сөз байлыгы кенен болчу, анткени көп окучу. Ошондо кыргызча тааныш эмес сөздөр болуп калса блокнотуна жазып алып, колу бошогон күнү эринбей атамдын сөздүгүнөн карап маанисин билип, түшүнүп алчу. Ошентип, кыргыз тилин да өзү эле жакшы өздөштүрүп алган.

 

“Муз үстүндөгү бийге кызыгып, уюштуруучулук сапатка ээ эле”

 

-  Өзү табиятынан коомдун адамы эле. Мектепте окуп жүргөндө “Клуб национальной дружбы” деген клуб боло турган, ошонун төрайымы катары эжем ал жакта иштечү. Элди чогултуп алып бир иш-чараларды уюштурганды жактырчу. Мектепте эле эмес, үйдө деле бир туугандар арасында бир нерселерди уюштура берген ошол Гүлмира эжем болгон. Нарында бир убакта көп кабаттуу үйдө туруп калдык. Короодо балдар-кыздар аябай көп болчу. Алар менен чыгып ойночубуз. Ошондо деле кыздар-балдарды чогултуп ар кандай нерселерди уюштуруп коюп, өзү үйгө кирип кетчү. Китепти көп окучу, өзгөчө сынак тапшырган убактарда башын китептен алчу эмес. Роза эжем экөө бир класста окучу. Түндүн бир убагына чейин сабак окуп отуруп уктап калчу. Биз чурулдап жанында ойной берер элек. Анан уктап жатып баягы окуган китебин сүйлөнүп айта баштачу. Гүлмира эжем айтып баштаганда биз ошол китепти ала калып текшерчүбүз. Ал болсо бир дагы сөзүн калтырбай, окуп жаткандай болгонун болгондой айтып чыкчу. Ойгонгондо сүйлөнгөнүн айтсак, такыр ишенбечү. Эс тутуму да жакшы болуп, модага кызыгып, ага байланышкан берүүлөрдү көрчү. Анда ар бир үйдө сыналгы жок, кошунанын бардыгы биздикине келишчү. Азыр ойлосом, муз үстүндөгү бийге да кызыкчу окшойт, кандай иш кылып жатса дагы таштап коюп, ошону көрөр эле. А атам болсо концертти жактырчу. Концерт болгондо көргүбүз келбесе да башка берүүгө которбой карап отура берчүбүз. 

 

“Жуурканга чүмкөнүп алып фонарик менен китеп окуп...”

 

-Атабыз журналист болгону менен байкем,  Роза эжем, Гүлмира эжем, Фатима мугалимдик кесипке ээ болушту. Бала кезде эки эжем мени отургузуп алып сабак өтүп, кайра сурашчу. Экөө тең математиканы жакшы билишер эле. Кийин Роза эжем математика жагына, а Гүлмира эжем тарых жагына кетти. Мен соода тармакта иштейм деп экономист-товароведге окудум. Кичүү сиңдим Валянын кесиби врач. Жогоруда айткандай, Гүлмира эжем клубда иштеп жүргөндө ар кайсы өлкөдөгү балдар менен кат жазышып турчу. Анан алардан келген открыткаларды чогултуп дубал гезит жасаар эле. Кийин ал клубуна мени да кошуп алган. Бир таякебиз кыштоодо калып, экөө жайлоого чыкчу. Биз каникул башталары менен кыштоодогу таякебиздикике барып бир ай жүрүп, анан эки ай жайлоодо болчубуз. Атабыз режимди аябай сактаган адам болгондуктан кечинде эрте жатып, эртең менен эрте турчубуз. Ошол кезде фантастика чыгармаларга аябай кызыгып талашып окудук. Кечинде саат 9 болгондо эле атам: “Жаткыла, уйкуңар канбай калат”, - деп жаткырып салчу. Анан эжем экөөбүз жуурканга чүмкөнүп алып фонарик менен китеп окуп чыкчубуз. Атам билип калса урушуп фонаригибизди алып алчу. О.э. атам таңкы тамакты ичмейинче эч кимибизди эч жакка жеткирчү эмес. “Ашказаныңар бузулат”, - деп кечигип жатсак да кармап тура берчү.

 

“Батирлеп көчүп жүргөндөрү эсимде”

 

-  Аскар жездем менен Гүлмира эжем деле бир топ кыйынчылыкты көрүштү. Барды да, жокту да баштарынан кечиришти. Өзгөчө батирлеп көчүп жүргөн кездери эсимде. Биринин бир жери жакса, экинчи жери жакпай көчүп-конуп эле жүрө беришчү. Андай кыйынчылыкты азыркы жаштар көтөрө албайт да, баары эле даяр нерсеге ыктап, бардыгы бат эле боло калчудай көрүшөт. Эжем менен жездем барды бардай, жокту жоктой өткөргөн күндөрүн биз жакшы билебиз. Анткени биз ал кезде студент болчубуз, жатаканада жашачубуз. Алар батирде турчу. Сабактан бошогондо эле жездемдикине жөнөчүбүз. Анткени Улукбекти бакчадан алуу биздин жумуш эле. Эжекем: “Сен бул күнү, сен ал күнү алып келесиң”, - деп бизди шайлап койчу. Ошентип, кезек менен бала бакчага барып Улукбекти алып келчүбүз. Анан кийин жездем комсомолдо иштеп жашоолору өйдөлөй баштады. Ошол жактан дача берилген эле. Азыркы ушул “Кой-Таш” эс алуу жайы ошол дачанын маңдайына салынган. Дачасына дем алыш күндөрү келип эс алып кетип турушчу. Кээде биз да келчүбүз. Ошондо бул жердин бардыгы жабышкак уйгак болчу. Жан боорум, бир тууганым Гүлмира эжемдин эч кимге сыр бербей жүрүп жашоодон эрте өтүп кеткенине жүрөгүм эзилет. Айткан менен айла жок. Анткен менен эжемдин атын өчүрбөсөк деген ниетте жездем ушул “Кой-Таш” эс алуу жайына эжемдин атын ыйгарды. Учурда эжемдин атында. Эмне дейм. Эжемдин жаткан жери жайлуу болсун. Жараткан ага бейиштен орун беришин тилейм.

Жазгүл КАРБОСОВА