Маданият
Бекжан Темирханды эскерүү концертинде канча каражат чогулганы белгилүү болду
Элита плюс
Декабрь 12, 2022 г.
Көрүүлөр: 13635
Бекжан Темирханды эскерүү концертинде канча каражат чогулганы белгилүү болду
© Элита плюс

Жол кырсыгынан каза тапкан ырчы Бекжан Темирханды эскерүү концертинен 2 миллондон ашуун каражат чогулду. Бул тууралуу Кыргыз Эл артисти Сыймык Бейшекеев тарабынан белгилүү болду:

“2 миллион 803 миң 36 сом концерт менен элден котрулган каражат ушундай болду. Кандай үй алынганын жакында кабарлайбыз”, - дейт ал.

Эске салсак, кечээ, 11-декабрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда Бекжан Темирханды эскерүү концерти өттү. Сыймык Бейшекеев аталган концерт менен каражатты жеке көзөмөлүнө аларын айткан.