"Digital Queen" разработка и продвижение веб-сайтов, контактные телефоны: +996 555 833 339: +996 772 333 327. “Элита plus” журналы, elitaplus.kg сайты менен кызматташуу үчүн байланыш телефондор: 0703 87-40-15; 0557 51 70 80.
Коом
Бексултан  Жакиевдин жубайы Сабира Турсункулованын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат
Элита плюс
Апрель 28, 2021 г.
Бексултан  Жакиевдин жубайы Сабира Турсункулованын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат
© Элита плюс

Маркум Кыргыз Эл баатыры, Эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиевдин жубайы Сабира Турсункулова 84 жашында 27-апрелде дүйнө салды. Маркум менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 28-апрелде саат 09:00дө Токтогул-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүндө болот. Маркумдун сөөгү саат 10:00дө "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты. Өмүр баяны: Сабира Турсункулова 1937-жылдын 10-мартында Талас районуна караштуу Көк-Ой айылында туулган. 1956-1961-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1961-жылы Маданият министрлигинде экономикалык пландоо бөлүмүндө экономист, жетектөөчү адис катары баштап, 2016-жылга чейин бир кызматта үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Өмүрүнүн 55 жылын Маданият министрлигинде иштеп, өзүнүн артында мыкты адистерди даярдап кетти. Мамлекет алдындагы эмгеги жогору бааланып, 1981-жылы "Эмгек ардагери" медалы, 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, 2002-жылы Финансы-экономикалык кызматынын отличниги, ал эми 2006-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамы ыйгарылган. Маркум Бексултан Жакиев менен 65 жыл бактылуу өмүр сүрүп, татыктуу уул-кыздарды тарбиялап, улуу инсандын жан шериги болду. Бексултан Жакиев мындан 3 күн мурун, тагыраагы, 25-апрелде каза болгон.
Булак: Super. kg