Медицина
Бейтаптарга сарпталган каражат эсептелди
Элита плюс
Июль 27, 2020 г.
Бейтаптарга сарпталган каражат эсептелди
© Элита плюс

 

Быйыл алты айда ооруканадагы бейтаптардын дарылануусуна 3 млрд 785 млн сом сарпталган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков билдирди. Анын айтымында, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен стационардагы бейтаптарды дарылоого 2020-жылга 7 млрд 105 млн сом каражат каралган. 24-июнга чейин ооруканадан дарыланып чыккандардын саны 464 миң 335ти түзгөн. Алардын дарылануусун каржылоого 3 млрд 785 млн сом сарпталган. мамлекеттик ооруканаларды каржылоо ар бир дарыланып чыккан учур үчүн ишке ашырылат. Фонд келишимдик негизде 231 мамлекеттик саламаттык сактоо мекемесин каржылайт. Анын ичинде 99 стационар, 30 жалпы дарыгерлик практика борбору, 49 үй-бүлөлүк медицина борбору, 17 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 34 стоматологиялык бейтапкана, Бишкек жана Ош шаарларында эки тез жардам станциясы бар. Дарыланып чыккан учурларды эсепке алуу үчүн маалыматтык база иштейт.