Коом
Бажы кызматында Эне тилинин эл аралык күнү белгиленди
Элита плюс
Февраль 22, 2023 г.
Бажы кызматында Эне тилинин эл аралык күнү белгиленди
© Элита плюс
Бажы кызматында Эне тилинин эл аралык күнү белгиленди
© Элита плюс
Бажы кызматында Эне тилинин эл аралык күнү белгиленди
© Элита плюс
Бажы кызматында Эне тилинин эл аралык күнү белгиленди
© Элита плюс

Бажы органдары Эне тилинин эл аралык күнүнө арналган иш-чараларды өткөрдү.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, майрам жыл сайын 21-февралда тил жана маданий көп түрдүүлүктү жана көп тилдүүлүктү жайылтуу максатында белгиленет.

Баткен бажысында Баткен мамлекеттик университетинин филологиялык билим берүү кафедрасынын окутуучусу, билим берүүнүн отличниги Алтынай Сатыбалдиеванын катышуусунда конок лекциясы өттү. Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин мааниси тууралуу презентация көрсөтүлүп, кыргыз тилиндеги ырлар окулду.

"Түндүк-Чыгыш" бажысында бажы кызматкерлери үчүн конок лекциясы өттү. Лекцияны И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ага окутуучусу Күмүшай Казакбаева окуду.

Башка бардык бажы органдарында эне тил темасында ачык сабактар өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – дүйнөдөгү эң байыркы жана бай тилдердин бири болгон кыргыз тилин бекемдөө жана жайылтуу болуп саналат.