Коом
Базарда бир тууган байкеси тарабынан сабалган кыз арыз жазуудан баш тартты
Элита плюс
Октябрь 13, 2020 г.
Базарда бир тууган байкеси тарабынан сабалган кыз арыз жазуудан баш тартты
© Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

 "Дордой Моторс" базарынын аймагында бир кыздын эркек киши тарабынан катуу ур-токмокко алынган видеосу социалдык тармактарга тарап, көпчүлүктүн үрөйүн учурган. 

Бул видео тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы жергиликтүү массалык маалымат булактарына комментарий берди. 

Маалым болгондой, окуч 2020-жылдын 11-октябрында болгон. Бул факт райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча сотко чейинки иш козголгон. 

"Издөө учурунда сабаган жаран менен кыздын өздүктөрү аныкталды. Алар бир туугандар экен, иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. 1995-жылы туулган А.Ж. өзүн К.Анын агасы деп ырастады. Ал үй-бүлөлүк пикир келишпестиктерден улам ур-токмокко алган. Буга чейин мындай болбогонун айтат", - деп ШИИБ шектүүгө шилтеме берүү менен билдирди.

Ошондой эле, ИИМ кечээ, 12-октябрда жабырлануучу К.А. учурда өзүн жакшы сезип жаткандыгын жана анын бир тууганына эч кандай дооматы жок болгондуктан, айыпты алып салуусун билдирген. Бирок буга карабастан, тергөө иштери уланууда.