Аймактар
Базар-Коргондо сел жүрдү
Элита плюс
Август 06, 2020 г.
Базар-Коргондо сел жүрдү
© Элита плюс

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда күн мурун, 5-августта сел жүргөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Арсланбап айылында жайгашкан 10 турак үйдүн короосун каптаган жана 1 сарайдын дубалын бузуп кеткен. Мындан сырткары, ички чарбалык унаа жолдун 1 миң метр, Кызыл-Алма сел өтүүчү сайынын 200 метр аралыгын кум шагылга толтургуп, бир электр мамычасын кулаткан.

ӨКМден билдиришкендей, адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Жерине ӨКМдин Базар-Коргон райондук бөлүмүнөн ыкчам топ, ЖК комиссиясы, айыл аймактан 1 экскаватор жана жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган.

Тартылган күчтөрдүн аракетинде сел сууларынын нугу бурулуп, 3 турак үйдүн короосу сел сууларынан тазаланган. Селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары бүгүн улантылат.