Аймактар
Базар-Коргондо катуу сел жүрдү
Элита плюс
Июль 17, 2020 г.
Базар-Коргондо катуу сел жүрдү
© Элита плюс

Базар-Коргон районунда сел жүрдү Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кокту-колоттордон келген сел суулары Арсланбап айылында жайгашкан 4 турак үйдүн ичин, 12 турак үйдүн короолорун каптап кетти. Мындан сырткары 2 турак үйдүн дубалын сел алып, ички чарбалык унаа жолдорго кум шагыл толтурган жана ички чарбалык эки көпүрөнү жараксыз абалга келтирген. Кырсык болгон аймактагы селдин кесепеттерин жоюуга атайын техникалар, куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар тартылып тазалашкан. Министрликтин кошумчалашкандай, унаа жолдорду тазалоо иш-чаралары бүгүн улантылат.