Спорт
"Бавария" футбол клубу финалга чыкты
Элита плюс
Август 20, 2020 г.
"Бавария" футбол клубу финалга чыкты
© Элита плюс

Германиянын "Бавария" футбол клубу жарым финалда Франциянын "Лион" клубун 3:0 эсебинде утуп, Чемпиондор лигасынын финалына чыкты. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайтында айтылат. Лиссабондо өткөн беттеште немец командасынын чабуулчусу Серж Гнабри эки голду камсыздаса үчүнчү голду Роберт Левандовски киргизип беттештин тагдырын чечти. Чечүүчү оюнда "Бавария" тарыхта алгачкы жолу финалга чыккан франциялык "Пари Сен-Жермен" клубу менен кездешет. 2019/2020-жылдагы Чемпиондор лигасынын кубогу үчүн беттеш 23-августта Лиссабондо өтөт.