Коом
Баткендеги “Головной” суу бөлүштүргүч жайы оңдолбой калган
Элита плюс
Август 13, 2021 г.
Баткендеги “Головной” суу бөлүштүргүч жайы оңдолбой калган
© Элита плюс

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, Баткен облустук суу-чарба башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери мамлекетке 3 млн сомго жакын зыян келтиришкендиги аныкталды.

Алсак, Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүргүч жайын оңдоп-түзөө жана ага тийиштүү тетиктерди сатып алуу үчүн жарыяланган тендер боюнча, аталган башкармалыктын жооптуу кызматкерлери жумуш аткаруучуларга мыйзамсыз түрдө 1 657 851 сом которушкан. Алар мамлекеттик сатып алуулардын талаптарын бузуп, өз кезегинде аталган объекттин оңдоп-түзөө иштерин аткарышкан эмес.

Ошондой эле, Баткен районунун Ак-Сай жана Капчыгай насостук станцияларын куруу боюнча тендерди өткөрүүдө, жогорудагы жооптуу кызматкерлер мамлекеттик сатып алуулардын талабына каршы келгендигине карабастан, тендерде көрсөтүлгөн кызматтар үчүн эң жогорку бааны сунуштаган тарапты жеңүүчү деп табышкан. Анын кесепетинен мамлекеттен кеткен ашыкча чыгым 602 503 сомду түзгөн.

Мындан сырткары, аталган башкармалыктын кызматкерлери 651 396 сомду сый акы жана иш сапар чыгымдары катары мыйзамсыз чыгыштап, ал каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Жооптуу кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен улам, мамлекетке жалпы 2 916 880 сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызматтык аблынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.