Аймактар
Баткенде жума намазын окууга чектөө кирди
Элита плюс
Сентябрь 28, 2020 г.
Баткенде жума намазын окууга чектөө кирди
© Элита плюс

Баткен облусунун аймагында эпидемиологиялык кырдаал курч болуп жаткандыктан облустук штабдын чечими менен дагы бир катар чектөөлөр кабыл алынды. 28-сентябрдан тарта облустар жана райондор аралык, ошондой эле райондук, шаардык ички коомдук транспорттордун каттамы убактылуу токтотулду. Мал базарлардын иши убактылуу токтотулду. Мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окууга чектөө киргизилип, күндөлүк беш убак жана жума намаздарын үй шартында окуу сунушталды.

Облуска катуу көзөмөлдөгү беткап тагуу режими киргизилди.

Баткен облусунун аймагына чек арадан өтүп жаткан Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары акыркы үч күндө алынган ПЦР-анализинин терс жыйынтыгы менен гана киргизилет.

Базарларда, соода борборлорунда, дүкөндөрдө, тамактануучу жайларда, коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жүргүзүлөт.

Ошондой эле шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзүүдө, партиялардын санитардык эрежелерди, маска таңуу режимин, социалдык аралыкты сактоону көзөмөлдөөнү күчөтүү, ал эми белгиленген талаптарды бузгандарга чара көрүү тапшырмасы берилди.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 46 миң 355ке жетти. Каза болгондор — 1064. Айыккандар 42 миң 619.

Баткен облусунда коронавирустун жалпы 2956 учуру катталды. Бул аймакта акыркы убакта илдет кескин көбөйүүдө.