Коом
Баткенде жашоо коркунучтуу болуп калды. Кичинекей тургун Садыр Жапаровго кайрылды
Элита плюс
Март 24, 2021 г.
Баткенде жашоо коркунучтуу болуп калды. Кичинекей тургун  Садыр Жапаровго кайрылды
© Элита плюс

Баткен облусунун Көк-Таш айылынын кичинекей тургунунун президент Садыр Жапаровго кайрылган видеосу социалдык тармакта тарады. Анда ал аты Адил экенин айтып, президенттен чек ара маселесин чечип берүүнү суранган.

рматтуу Садыр Жапаров! Мен Баткен облусунун Көк-Таш айылынан болом. Тактап айтканда, былтыр менин үйүмдү өрттөп кетишкен. Мен бул жакта жашагандан корком. Анткени эки метр ары жакта тажиктер жайгашкан", - деп видеодо чек араны көрсөткөн.

"Бул бетондун ары жагында Тажикстан. Биз үчүн бул жакта жашаш аябай коркунучтуу болуп калды. Сизден суранарым, чек ара маселесин чечип бериңиз", - дегенин видеодон угууга болот.

Булак: Super.kg