Баткенде текстиль фабрикасы курулат
Элита плюс
Июнь 23, 2020 г.
Баткенде текстиль фабрикасы курулат
© Элита плюс

Баткен шаарында текстиль фабрикасын куруу пландалып жатат. Бул тууралуу аталган шаардык мэриядан кабарлашты. Маалыматка караганда, анда жүн жана тыбыт кайра иштетилет. Ошондой эле, кошумча өрүктү кайра иштетүүчү цех ачуу жагы да каралууда. Натыйжада, миңге жакын жумуш оруну түзүлөт. Бул боюнча Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов ишкерлер менен сүйлөшүү жүргүздү. Алар жакын арада ишти баштай тургандыктарын билдиришти.