Коом
Баткенде үрөй учурган жол кырсыгынан 8 адам каза болду
Элита плюс
Ноябрь 23, 2022 г.
Баткенде үрөй учурган жол кырсыгынан 8 адам каза болду
© Элита плюс

Баткен облусунун Жаңы-Жер айылында жол кырсыгынан 8 адам каза болду. Бул тууралуу Баткен облусунун Жол коопсуздук кыймылынын маалымат кызматы кабарлады.

 

Маалыматка ылайык, кырсык 22-ноябрда саат 21:00дөр чамасында болгон.

Бужум айылынын тургуну өзүнүн кызын Кадамжай районуна турмушка узаткан. Алар кызынын тоюна Opel Vectra унаасы менен бара жатканда Mercedes-Benz Sprinter менен кагылышкан.

 

Жол кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 6 адам, "Спринтердеги" эки адам каза болгон.