Аймактар
Баткенде Куран китептер таратылууда
Элита плюс
Сентябрь 29, 2020 г.
Баткенде Куран китептер таратылууда
© Элита плюс

Баткен районунун имамдарына Куран китептери таратылды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Баткен райондук хатибиятында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан  808 даана Ыйык Куран китеби айыл аймактагы имамдарына тапшырылды, алар ар бир мечитке таратылып берилет.

Аймактын баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов каттоодон өтө элек мечиттерди тездетүү, имамдардын шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу үгүт иштерине аралашпоосун эскертти.

11-сентябрда Сауд Арабиянын Медина шаарынан кайрымдуу инсандардын атынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына 16 тонна Куран китеби келген. Анда жалпы 34 миң даана Куран китеби бар.