Аймактар
Баткенде күрүчтү жыйноо иштери башталды
Элита плюс
Август 18, 2020 г.
Баткенде күрүчтү жыйноо иштери башталды
© Элита плюс

Күрүчү менен таанымал Ак-Турпак айыл өкмөтүндө күрүч жыйноо өнөктүгү башталды. Жалпы 3 миң гектар аянтка күрүчтүн 6 түрү өстүрүлөт. Буга чейин дыйкандар ортомчулар аркылуу туруксуз баада сатып келген болсо, жакынкы аралыкта экспортко чыгаруу алдында турушат. 4 ай бою тынымсыз эмгекти талап кылган күрүч дыйкандардын негизги кирешеси болуп келет. Абдисаттар Акматов 10 гектар аянтка күрүч айдап, айыл чарбасынын бул түрүн жакшы өздөштүрө алган. Жакынкы аралыкта күрүчтү кайра иштетүүчү логистикалык борбордун курулушу баштала турган болду. Ишке ашып калса Баткендик дыйкандар да Кыргызстандын бренди менен күрүчтү сыртка экспорттоого мүмкүнчүлүк алат. Күрүчтү кайра иштетүүчү цех куруу үчүн Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн аймагынан жер бөлүнгөн. Польша мамлекети менен түзүлгөн келишимге ылайык логистикалык борбор курулуп, натыйжада күрүчтү экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнү жатат. Учурда Ак-турпак күрүчүн оруп жыйноо иштери башталды. Кытайдан алынып келинген атайын комбайндардын жардамында дыйкандар түшүмүн коромжусуз жыйнап алышууда. Буга чейин жалданма жумушчулар аркылуу колдо жыйналгандыктан түйшүгү көп болгон. Жыйналып алынган күрүч жол боюна жайылып кургатылат. Андан соң акжувазга салынып, сырткы кабыгынан ажыратылгандан соң гана күрүч даяр болот. Акжуваздан чыккандан соң да 2 түргө бөлүнөт. Майдаланып сынып калганын оошак деп атап коюшат. Ак-Турпак айыл өкмөтүндө күрүч талаалары 3 миң гектарды ээлейт. 6 сортто айдалган күрүч түшүмүнүн көлөмү 10 миң тоннага жетет. Базардагы орточо баасы 80-90 сомдон сатылып, Кыргызстандын ички базарларынан сырткары Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнө экспорттолот. Кайра иштетүүчү ишкана курулса Европага чейин экспорттоого мүмкүнчүк түзүлөт.