Аймактар
Баткенде кайрадан чектөөлөр киргизилди
Элита плюс
Июль 09, 2020 г.
Баткенде кайрадан чектөөлөр киргизилди
© Элита плюс

Бүгүн Баткен облустук штабда облустагы акыркы кырдаал талкууланып, коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында бир катар чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 10-июлдан тарта Баткен облусу менен Бишкек, Ош шаарларынын жана башка облустарынын ортосундагы коомдук транспорттордун каттамы токтотулат. Санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлүп, жарандардын негизсиз башка аймактарга чыгуусуна жол берилбейт. Ал эми азык-түлүк, тамак-аш, курулуш материалдарын ташыган оор жүк ташуучу унааларга гана облуска кирүүгө уруксат берилет. Жүктүн мыйзамдуулугун салык кызматы көзөмөлгө алат. Ошол эле учурда бул унаалар жүргүнчү алуусуна тыюу салынат. Жаратылышка эс алууга чыгууга тыюу салынды жана той же мааракелерди өткөргөндөргө чара  күчөтүлдү. Мындан сырткары дары-дармек, тамак-аш азыктарынын баасын жогорулаткандарга  катуу чаралар көрүлмөкчү.