Аймактар
Баткенде дан эгиндерин оруп-жыйноо жумуштары жүрүүдө
Элита плюс
Июль 10, 2020 г.
Баткенде дан эгиндерин оруп-жыйноо жумуштары жүрүүдө
© Элита плюс

Баткен облусунда дан эгиндерин оруп-жыйноо жумуштары кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов Баткен облусунун эң алыскы Лейлек районунун Маргун айылындагы оруп-жыйноо иштеринен кабар алды. Абдрахманов техника, күйүүчү май жана башка маселелер боюнча дыйкандар менен баарлашып, алардын абалын сурады. “Өлкөдөгү кооптуу илдеттен улам түзүлгөн кырдаал, талаа жумуштарына тоскоол болбошу керек, жергиликтүү бийлик, дыйкандардын муктаждыгын өз убагында чечип, оруп-жыйноо иштерин маалында аткарылышына түздөн-түз жооптуу” - деп белгиледи Абдрахманов. Учурда облуста оруп-жыйноо иштери кызуу жүрүүдө.