Аймактар
Баткенде 3,5 тонна контрабандалык жер семирткичтер аныкталды
Элита плюс
Март 11, 2023 г.
Баткенде 3,5 тонна контрабандалык жер семирткичтер аныкталды
© Элита плюс
Баткенде 3,5 тонна контрабандалык жер семирткичтер аныкталды
© Элита плюс

Баткенде салмагы 3,5 тонна контрабандалык жер семирткичтер аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бажычылыр тарабынан Баткен районунда М.Н.З. аттуу кыргыз жарынын башкаруусунда Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Текшерүү учурунда унаадан Өзбекстандан чыккан 40 кап аммиак селитрасы табылган. Жүктүн бажылык тариздөөнү өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес. Кармалган товардын жалпы салмагы 2 тоннаны, орточо базар баасы 84 миң сомду түздү.

Ошондой эле Ш.Н.Ж. аттуу кыргыз жаранын башкаруусунда Ford Tansit үлгүсүндөгү унаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда 30 кап аммиак селитрасы табылган, жалпы салмагы 1,5 тоннаны, баасы 63 миң сомду түзгөн.

2 факт боюнча топтолгон материалдар КККБжБЭБ бөлүмүнүн бажылык териштирүү секторунда каралууда.