Аймактар
Баткенде 118 ишеним телефону иштеп жатат
Элита плюс
Октябрь 03, 2020 г.
Баткенде 118 ишеним телефону иштеп жатат
© Элита плюс

Коронавирус оорусу боюнча кеңеш алуу үчүн Баткен облусунда 118 ишеним телефону иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус тургундары 118 номерине байланышып, керектүү медициналык кеңештерди күнү-түнү ала алышат. "Адистер жарандардын оорусунун белгилерине жараша, зарыл болгон учурда мобилдүү бригаданы жардамга жиберет", - деп белгилейт өкүлчүлүк.